www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Джо Байден Батыш өлкөлөрүнүн, Евробиримдиктин жана НАТОнун лидерлери менен болгон видеоконференцияда Орусиянын Украинага «басып киришинин» датасын 16-февраль деп атады, деп жазат Politico гезити маалымат булактарына таянуу менен.

РИА Новости жазгнадай, Politico гезитинде бул айтылгандардын ырастоосу жок.

Талкуунун жүрүшүндө европалыктар да эскалациянын убактысын жана сөзсүз болушун баалоодо Байден менен макул болушкан жок жана расмий адамдардын бири ЕБ «мындай нерсеге ишенүүдөн баш тартат» деп билдирди.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги буга чейин мындай билдирүүлөрдү четке каккан.

«Европалыктар аларда башка көрүнүш бар экенин ишарат кылышты. Британдык аткаминер 16-февралга байланыштуу чалгындоо маалыматын «биз башкача чечмелеп жатабыз деген», - деп айтылат басылманын маалыматтында.

Эске салсак, буга чейин Орусиянын Украинага «басып кириши» тууралуу жаңылыш кабарлаган америкалык Bloomberg агенттиги бир күн мурун материал жарыялап, «чабуул» 15-февралда болоорун билдирген.

Тиешелүү маалыматты агенттикке «чиновниктер» берген имиш, бирок бул чиновниктер кайсы өлкөдөн экени, кандай кызматта, кандай фамилияда экени тактала элек жана эч кандай далил келтирилген эмес.

Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков РИА Новостиге Bloomberg агенттигинин Украинага «баскынчылыктын» башталышы тууралуу жаңылыш жарыялоосу АКШ менен Батыш өлкөлөрүнүн агрессивдүү билдирүүлөрүнүн коркунучун көрсөтүп жатканын жана мындай билдирүүлөр орду толгус кесепеттерге алып келерин көрсөтүп жатканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости