www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында жүргүзүлүп жаткан жумуштар убактылуу токтотулду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан кабарлашты.

Буга чейин Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат айылында кыргыз тарап чарбалык жумуштарын жүргүзө башташканы маалымдалган. Иш жүрүп жаткан учурда Тажикстандын 15-20 жараны чогулуп, чарбалык иштерди токтотууну талап кылышкан.

Ошондой эле, Тажикстандын жарандары өздөрү чек аранын тактала элек тилкесиндеги тосмонун пайдубалын куюуга даярдык иштерин башташкан.

Маалыматка караганда, чек арада кайрадан чыр-чатактын күчөп кетүүсүнүн алдын алуу максатында эки өлкөнүн чек ара мекемелеринин аймактык башкармалыктарынын жетекчилери телефон аркылуу сүйлөшкөн жана алдыда эки тараптуу жолугушуу күтүлүүдө.

Кыргызстандын Лейлек жана Тажикстандын Ганчи багыты боюнча чек ара өкүлдөрү тараптардын жергиликтүү бийликтери менен макулдашуу боюнча чек аранын бул тилкесиндеги бардык иштерди токтотууга макулдашышты.

Чогулган жарандар тарап, учурда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

Акыркы сааттарда социалдык тармактар кыргыз-тажик чек арасында абал туруксуз болуп жатканы боюнча билдирүүлөр тараган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости