www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз кино өнөрүнүн көөнөрбөс чебери, талант эгедери кинорежиссёр Төлөмүш Океевдин азыркы күндө караанын кайсалактап таппай калдык. «Бакайдын жайыты», «Көк серек»-дүйнөдөгү 100 тасманын тизмесине кирип, эл аралык маданий мурас катары бааланган. Анын арабыздан эрте кетиши үй-бүлөсү үчүн гана эмес, кыргыз маданияты, киносу үчүн чоң жоготуу болгон.
СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси, замандын залкары Төлөмүш Океев “Уркуя”, “Кызыл алма”, “Алтын күз”, “Ак илбирстин тукуму”, «Сүйүү закымы» деген тасмалары менен кыргызды дүйнөгө тааныткан. Төлөмүш Океевдин кызы Азиза айым улуу инсан тууралуу маек курду:
- Атактуунун кызы болуш оӊой-олтоӊ жүк эместир…
Балдары Океев атындагы фонд түзүп, кийинки муунду анын чыгармачылыгы менен тааныштырууга аракет кылышат. Төлөмүш кайтыш болгондон кийин анын ысымын киностудияга беришти. Бул үчүн чоң ыраазычылыгыбызды билдиргенбиз. Анын аты борбордогу көчөлөрдүн бирине берилсе, эстелиги тургузулса деген ойлор бар эле. Бирок ал пландар бүткөрүлбөй жатат. Октябрь кинотеатрынын алдына "ушул жерге Төлөмүш Океевдин эстелиги турат" деген жазуу менен таш коюшту. Ага анча көп деле акча кетпейт экен. Андан да кымбат, чоң эстеликтер коюлуп жатпайбы. Биз Төлөмүштүн аты өчүп баратканына өкүнөбТөлөмүш Океев атындагы фондунун мүдүрү, культуролог Азиза Океева- Атактуунун кызы болуш кандай жүк болду экен…
- Биз үчүн, үй-бүлөбүз үчүн атамды ээсине тапшырганыбызга билинбей 18-декабрда 14 жыл болот экен. Тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыгып калмак экен. Канча убакыт өтсө дагы, атамды ар бирибиз күн сайын эстейбиз, жоктойбуз, сагынабыз, өкүнөбүз. Анын тамашасын, күлкүсүн, акылдуу сөздөрүн уга албай куса болдук. Ойлорун, максаттарын ишке ашыра албай эрте кетти. Бирок муну сезгендер аз калды. Кээде Төлөмүш атабыздын мурасы унутулуп баратканына кайгырабыз.
- Ата катары үйдө кандай эле…
- Атам балдарына өзгөчө үзүлүп түшчү. Балдардын көӊүлүн жогоруу баалачу. Кичине кезимде атам мага атайы Москвадан Ганс Христиан Андерсендин жомок китебин алып келген. Ал убакта мектепке бара элек кезим экен. Жомок китептин кооз сүрөттөрүнө суктанып тигиле карай бергеним эч эсимден кетпейт. Мектепке барганда классташтарыма көрсөтүп жүрүп уурдатым ийгениме ичим ачышат. Мен үйдүн улуусумун, менден кийин иним Искендер, эӊ кичүүбүз Алима. Бир-бирибизди кызгандырбаш үчүн үчөөбүзгө бирдей мамиле кылчу. Ар бирибиздин өзүбүзгө гана кыял-жоруктарыбызды айтып мактап калчу.
- 2010- жылы Москва шаарынын Кино үйүндө Төлөмүш Океевдин 75 жылдыгы өттү. Эмне себептен Кыргызстанда белгиленбеди?
- Абдан жакшы суроо. Менимче ушунча көп саясий проблемалар чыккандан кийин, билесиңер, маданият дайыма артта калат. Чынын айтканда 70пи, же 75 жылбы, бул биздин маданиятка, өлкөнүн расмий тарабынан мадний иш чара деп эч ким деле көңүл бурган жок. Бирок анын баары түшүнүктүү. Бул жагынан атамдын Москвадагы жакын досу, кесиптеши Өзбекстандын белгилүү кинорежиссёру Али Хамраев демилге көтөрүп, Кино үйүнө өткөрүүнү макулдашты. Себеби, убагында СССРдин Кино үйүнүн катчысы болуп турганды кесиптештери колдоп, СССРдин депутаты болуп шайланган. Азыркы кезге чейин Орусия кинематографисттердин кадыр-барктуу инсаны. Бул жүрөгүмө жылуу тийди. Анткени Төлөмүш Океев деен ысым Орусияда азыр деле бааланат. Али Хамраев афишасын, чакыруу билеттерин жасады, чогуу окуган, дос болуп жүргөн кесиптештерин чакырганга көп аракет жумшады. Чоӊ-чоӊ кино чөйрөсүндөгү адистер кеӊешип-кесип, Кино үйүнөн “Бакайдын жайыты” тасмасы көрсөттүлдү. Бул атамдын эң биринчи тасмасы, анан Орусияда, Кыргызстанда эң жакшы көргөн тасмасы болуп аталат. Анан сүрөт көргөзмөсүн мен даярдап алып бардым.
- Төлөмүш Океев тууралуу сүрөт көргөзмө уюуштуруу ийгиликтүү өтүптүр…
- «Бакайдын жайыты» тасмасы боюнча фото көргөзмө өткөрдүк. Көрүүчүлөрдүн саны арбын болду. Ушундай кызыгуу менен ынтаа коюп, ар бир сүрөткө бериле тигилип жатышты. Атамдын «Бакайдын жайыты» фильминин тарыхына тиешелүү уникалдуу документтер, афишалар, сүрөттөр, черновиктер, режиссёрдук сценарийлер, раскадроавкалар, реквизитер, сыйлыктары, наамдары сакталганын атайы көргөзмө уюуштурдук. Андан тышкары киного тиешелүү кинематографисттер, Кыргыз-Түрк Манас Университетинин мугалимдери, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы институттун студенттери, театралдык окуу жайдын студенттери келишти. Себеби бул мага же биздин үй-бүлөгө кереги жок, биздин го атабыз эсибизде, жүрөгүбүдө кармайбыз ар дайым.
Мунун баары биздин коомго, элге керек. Биринчи жаштарга керек. Көпчүлүк жаштар кинемотрафисттердин ишмердүүлүгүн билбей калышты. Ошол маселе биринчи орунда турат. Маданиятка тиешелүү чоң-чоң адамдардын шаарда эстеликтери жок, убагында эскертүү күндөрү өткөрүлбөйт. Эң чоң маселе алардын мурасы китеп, кино, же театрдагы оюн катары коюлбайт. Анын баарын музейге сактап, биздин жаш өспүрүмдөргө бербесек, биз көп нерсени жоготобуз, маңкурт катары болобуз.
Атам кайтканда, бир убакыттан кийин фильмдерин көрөлү десек такыр таппадык. Замандаштары айтат, Океев деген биздин эң атактуу маданият ишмери, таланттуу режиссер болчу деп. Бирок фильмдери жок болсо анны ким эстейт? Ал Төлөмүш Океевге эле эмес, бүт биздин киночуларга тиешелүү. Биздин республикада эң чоң маселе эски совет убагында тартылган фильмдери элге жетиштүү эмес.
- Кандайча жок, тасмалары же копиялары жокпу?
- Болгон тасмалар бүт эскирип кеткен. Пленка көргөзгөндө чийилип, сүрүлүп калат. Союз убагында аны улам жаңыртып турчу. Ошол эски фильмдерди азыркы заманбап санариптик жабдыкка көчүрүүнү көздөгөн эч ким жок. Ошол себептен мен он жыл мурун Орусия “Госфильм фондунан» сатып алган болчум. Бүгүн биз “Бакайдын жайыты” деген тасманы көрсөтүп атабыз, бирок биздин “Кыргызфильмде” кыргыз тилинде бир эле копиясы калыптыр. Аны көрө турган жагы абдан жаман акыбалда экен, үнү эле калыптыр. Мен ошол үндү алып, менде сакталган dvd копияга сактап калыш үчүн топтоштурдум. Мындан башка Океевдин үч эле тасмасы кыргызча варианта, калган тасмалары жалаӊ орус тилинде сакталыптыр. Залкар актёр-актрисаларыбыздын үндөрү сакталып калбаганы биз үчүн чоң жоготуу. Бүгүн Океевди көп адамдар эстеп турушат. Бирок эң биринчи биздин жаштарга аты өчүп баратат. Кызыккан жаштар таанып билиш максатта атайын сайт жасаганбыз.
Динара Асылбекова
Булак: NazarNews.kg