www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Юстиция министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө юстиция министри Аяз Баетов ведомствонун өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2022-жылга пландары тууралуу маалымат берди.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, өткөн жыл Кыргыз Республикасы үчүн татаал болду.

«Жыл саясий окуяларга бай болду десем жаңылышпайм. Бийликтин бардык деңгээлдеринде, жергиликтүү депутаттардан баштап, парламенттик депутаттарга чейин шайлоолорду өткөрдүк. Күзүндө Москва шаарында мен кесиптештерибизге айттым эле, биз саясий баш аламандыктан чыгып, экономикалык реформаларга киришүүдөбүз. Бүгүн биз бул реформалардын алгачкы жыйынтыктарын чыгарып жатабыз. Биздин алдыбызда амбициялуу милдеттер турат, аларды биз жалпы күч-аракетибиз аркылуу ишке ашырууга тийишпиз», - деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Ал кошумчалагандай, өткөн жыл ичинде Юстиция министрлиги тарабынан бир топ иштер аткарылды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо иштери аткарылды.

Алсак, бюрократиядан четтетүү жана чечимдерди кабыл алуунун ыкчамдыгын жогорулатуу максатында КР президентинин 269 Жарлыгы, КР министрлер кабинетинин бир катар ченемдик-укуктук актылары, ошондой эле Жогорку Кеңештин кароосунда турган мыйзам долбоорлору күчүн жоготту деп табылды.

«Бул масштабдуу чаралар мамлекеттик аппаратты мобилдүү жана натыйжалуу кылууга жардам берет, анткени бир мыйзам экинчи мыйзамга карама-каршы келген, ал эми үчүнчүсү алгачкы эки мыйзамды четке каккан учурлар белгилүү», - деп билдирди Арзыбек Кожошев.

Коллегиянын жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Юстиция министрлигинин жамаатынын жана жетекчилигинин астына бир катар милдеттерди койду, ошондой эле ведомствонун өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине министрлер кабинетинин алкыш каттарын тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости