www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын «Газпром» компаниясынын 2025-жылы алгач ирет Кытайга жеткирген газдынын көлөмү Европанын алыскы чет өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркияга болгон жалпы экспорттон ашты.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, «Сила Сибири» газ кууру аркылуу Кытайга 38,8 млрд куб метр газ экспорттолгон. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 24,8%га көп. Ошол эле учурда «Газпром» жакынкы чет өлкөлөргө да жеткирүүлөрдү улантты. 2025-жылы Борбордук Азия жана Закавказье багытындагы экспорт өскөн. Казахстанга, Өзбекстанга жана Кыргызстанга газ жеткирүүлөр 22,2%га, ал эми Грузияга 40,4%га көбөйдү.
2025-жылдын сентябрында «Газпром» менен Кытайдын CNPC компаниясы Монголия аркылуу Кытайга жылына 50 млрд куб метрге чейин россиялык газ жеткирүүнү көздөгөн «Сила Сибири–2» газ куурун куруу боюнча юридикалык жактан милдеттендирген меморандумга кол коюшту.