www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Румынияда бекер окуу боюнча сынакка катышыңыз

Кыргызстандыктар 2021-2022-окуу жылында Румыния мамлекетинин жогорку окуу жайларында акысыз билим алуу үчүн сынакка катыша алат.

Грант Румын өкмөтүнүн стипендиялык программасынын чегинде бөлүнөт. Аны башкарууну Румыниянын Тышкы иштер министрлиги жүргүзөт.

Сынакка катышууну каалагандар документтерин электрондук же кагаз түрүндө (мүмкүн болушунча электрондук форматта) Румыниянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү аркылуу гана бериши керек. Кабыл алуу мөөнөтү: 2021-жылдын 30-апрелине чейин.

Грант боюнча төмөнкү окуу программаларына тапшырса болот:

  • Бакалавриат (3-6 жыл);
  • Магистратура (1,5-2 жыл);
  • Докторантура (3-5 жыл).

Грант ээлерине Румын өкмөтү тарабынан төмөнкү шарттар каралган:

  • Акысыз окуу;
  • Жатакана (бош орундар бар болсо);
  • Медициналык камсыздандыруу (өзгөчө кырдаалда);
  • Жергиликтүү транспорттук чыгымдар;
  • Ай сайынкы стипендия (бакалавриат программасынын студенттерине 65 евро, магистратура программасынын студенттерине 75 евро жана докторантура программасынын студенттерине 85 евро).

Кенен маалыматты бул шилтемеден окуңуз.

 

Последние новости