www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белоруссиянын Президенти Александр Лукашенко өз өлкөсү үчүн күрөшөөрүн жарыялады. Бул тууралуу ал Могилев шаарындагы облустук клиникалык оорукананын жамааты менен жолугушууда билдирди, деп маалымдайт РИА Новости.

Акыркы полициячы жана чыныгы дарыгер: "Болду, Лукашенко, сен өз ишиңди аткардың" деп айтканга чейин, мен бул өлкө үчүн күрөшөм. - Менде андан башка эч нерсе жок. Буга чейин Александр Лукашенко Эл аралык олимпиада комитети уюштурган иш-чаралардан четтетилгенин кабарлаганбыз. Кийинчерээк Лукашенко ЭОКтун санкцияларына ачууланганы айтылган.

Ушул жылдын 9-августунда Белоруссияда президенттик шайлоо болуп өттү. Расмий жыйынтыктарга ылайык, Александр Лукашенко 81 пайыз добуш менен шайлоодо жеңишке жетишти. Бирок өлкө эли бул жыйынтыкты кабыл алгысы келбей, иш ташташты. Шайлоодон кийин бир ай бою күн сайын тынч нааразычылыктар болуп жатты. Бирок өкмөт полиция жана ОМОН топторун жайгаштыруу менен митингдерди таратууга аракет кылды. Жүздөгөн адамдар камакка алынды.Шайлоодо Лукашенкого каршы чыккан оппозиция лидери Светлана Тихановская Белоруссиядан качып, Литвага баш калкалады. Ал дагы деле болсо калкты Лукашенкого каршы чыгууга чакырууда.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости