www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) санкция чечиминин Түркиянын эгемендик укуктарына ачыктан ачык кол салуу болгонун айтты. Президент Эрдоган Нигде-Анкара автожолунун 2-бөлүмүнүн ачылыш аземине видеоконференция менен катышып сөз сүйлөдү. Бул тууралуу тртюнет жазып чыкты.
Өз сөзүндө Түркиянын Орусиядан С-400 абадан коргонуу системаларын сатып алганына байланыштуу АКШнын киргизген санкцияларына токтолгон Эрдоган: «Негизги максаты - өлкөбүздүн коргонуу тармагында баштаган ийгиликтерге бөгөт коюу менен бизди көз каранды кылуу», - деди.
Ага кошумча: «АКШнын санкциялар жолу менен терроризмге каршы күрөшүү (CAATSA) темасында Түркиядан башка эч бир өлкөгө мындай санкция киргизилген эмес. Биринчи жолу НАТОнун мүчөсү катары биздин өлкөгө ишке ашырылууда. Бул (абадан коргонуу) тутумдарын алуу боюнча биздин бир дагы талабыбызды аткарбаган АКШ, муктаждыгыбызды башка жерден камсыздаганыбыз үчүн санкция куралын колдонду» деген Эрдоган: «Бул чечим өлкөбүздүн эгемендик укуктарына ачыктан ачык кол салуу болуп саналат. Коргонуу өнөр жайыбыздын башчысы Исмаил Демирди жана анын командасын көбүрөөк коргойбуз» деп айткан Эрдоган: «Ушул санкциялык чечим менен биз ар бир тармакта дүйнөлүк лидер деңгээлине жете турган коргонуу өнөр жайын куруу боюнча кадамдарыбызды тездетебиз. Коргонуу өнөр жайыбызды бардык жагынан көз карандысыз кылуу үчүн кечээкиден эки эсе көп иштейбиз»,- деп кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg