www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 9-мартында Элчи Руслан Казакбаев Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көп тараптуу саясий иштер боюнча башкы директору Кемал Онур Озчери менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинен билдиришти. 

Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдеги кызматташтыктын учурдагы абалы жана өнүгүү келечегин талкуулашты. БУУнун алкагындагы актуалдуу маселелер жана эл аралык күн тартиби боюнча өз ара аракеттенүүгө жана координациялоого өзгөчө көңүл бурулду.

Элчи Руслан Казакбаев түрк тарабын Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттары боюнча маалымат берип, өлкөнүн эл аралык аренадагы глобалдык демилгелери тууралуу маалымат берди. Ошондой эле тараптар өз ара кызыкчылык жараткан бир катар көп тараптуу эл аралык иш-чараларды талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгын андан ары чыңдоого кызыкдар экенин тастыкташты жана тыгыз кызматташууну сактоого макулдашышты.

Последние новости