www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков бул тууралуу айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү боюнча өткөрүлгөн координациялык жыйында билдирди.
Анын айтымында, айрым жарандар айыл чарба каттоосунун чыныгы маанисин туура түшүнбөгөндүктөн, «жөлөк пулдан ажыратат» же «салык салууга негиз болот» деген жаңылыш түшүнүктөрдүн айынан үй жаныбарларынын жана үй канаттууларынын санын, ошондой эле короо-жайынын абалын жашырып коюшу мүмкүн.
Министр айыл чарба каттоосу өлкөдөгү мал-жандыктардын так санын аныктоо үчүн маанилүү экенин белгиледи. Так маалыматтар малды өз убагында вакцинациядан өткөрүү, ветеринардык иш-чараларды туура пландаштыруу жана керектүү көлөмдө вакцина менен камсыздоо үчүн негиз болуп берет.
Ушуга байланыштуу Эрлист Акунбеков калкты айыл чарба каттоосу учурунда мал-жандыктын саны, короо-жайы жана жер аянты боюнча так жана туура маалымат берүүгө чакырды.
Ал ошондой эле айыл чарба каттоосу элге чарбасын туура пландаштырууга жана агрардык саясатты натыйжалуу жүргүзүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда айыл чарба каттоосу 20-марттан 10-апрелге чейин өткөрүлөт. Бул иш-чарага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана статистика башкармалыктары тартылат.
Каттоо учурунда үй чарбаларынын айдоо жерлери, жайыттары, сарайлары, короо-жайлары, ошондой эле мал-жандыктары жана үй канаттуулары эсепке алынып, каттоодон өткөрүлөт.