www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн ким жеңип келсе да, өзүнүн программасын аткарып, элдин үмүтүн аткарса экен. Эл дагы иренжибесе экен. Анткени, азыркы ишенич акталбаса, элдин үмүтү таптакыр өчөт. Элдин көңүлү пардаменттен калгандай, мыйзам, конституциядан калып, кийинки ишенич шариатка артылат!

Ошондо элдин басымдуу бир бөлүгү халифат түзүлүүсүн, өлкөнү Ажы, Халиф башкаруусун талап кылат. Мыйзамыңар иштебейт экен, шариат менен жашайлы деп чыгышат.

- Ажы! Ажы! Ажы! - деп эле жатып калабыз.

Халиф башкарган халифат түзүлүүсүн эңсеген, сатылма, караңгы элге акча берип, өзүнүн пландарын ишке ашыра турган кызыкдар жактар чекесинен табылат.

Коркунучтуубу? Коркунучтуу!

Мындан да коркунучтуу сценарий айтайын: өлкө ичи тынчтанбаса, өз азаматтарына элдин ишеничи кетсе, керек болсо өлкөнү экиге бөлүп, чакчелекей боло берсе баякы мен айткан эл «Орусияга кошулабыз!» деп чыгышат.  Эн биринчи калган-каткан тилди, улут деген баалуулукту жою саясаты журот. Кызыкдарлар ким экенин айтпай эле коеюн.

Үчүнчү ужастын варианты, кульминация: коңшу-колоңдордо КГда территориялык ызы-чуу чыгарышып, Кыргызстандын территориясын бөлүп алуу план, саясаты жок деп ким кепилдик берет? «Тем более» бул нерсенин чекесин кордук.

«Хопакяя» деген бойдон паспорттогу улутту өзгөртүп, «баурларча» баарлашып, калганыбыз кайра Кытайдын комсомолуна өтөбүз. 

Мурда ушундай «ужастарды» айтышса эч ишенчу эмесмин, «ушуга жол бергидей эл эмне жиндиби» - депчи. Сентябрдан бери «ожидание/реальность» боло берип, азыр келечекке болгон көз карашым таптакыр өзгөргөн.

Ишенүү, үмүт артуу өтө мотивация берген сезим. Сүйүү, ызалануу, кубануу, көз артуу сезимдериндей эле сезим. Ишенимди сатуу, үмүттү өчүрүү, разочарование андан да күчтүү, жийиркеничтүү, ичинден кечире албаган күчтүү сезим.

Элдин сезими менен ойношпой, ишеничин актоочу мезгил жетти!

Бүгүн өлкөнүн жүгүн мойнуна ким алса да, алдыда чоң жоопкерчилик турат!

Ким болсо да башчыбызды Жаратканым колдосун! Жараткан элдин пейилин, акылын оң тарапка бурсун!

Рысгүл Акимжанова

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости