www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жазы-Кечүү айылында үч жыл мурун өлгөн аялдын аты-жөнү шайлоочулардын тизмесинде илинип турат.

№2385 тилкесинде маркум Айгүл Абдибахап кызы тизмеге кошулганы тууралуу айыл башчы Замирбек Масиркулов ЖМКлардын бирине төмөнкүчө маалымат берди:

"Биз бул жаран каза болгондон кийин айыл өкмөттүн каттоосунан чыгарганбыз. Бирок, азыркы учурда шайлоочулардын тизмесине кошулуп турат. Бул боюнча борбордогу Мамлекеттик каттоо кызматы жооп берет".

Белгилей кетсек, Кыргызстанда буга чейинки шайлоолордо да көз жумган кишилердин аты-жөнү тизмеге кошулуп, добуш берүүгө чакыруу келген учурлар болгон. Мамлекеттик каттоо кызматы кээде техникалык мүчүлүштүктөн улам ушундай маселе жаралып калышы ыктымалдыгын билдирген. 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости