www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров:

NazarNews маалымат агенттиги президент Сажыр Жапаровдун “Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты” китебинен үзүндүлөрдү окурмандарга сунуштоону улантат:

“Негизги сөздү баштардан мурда идеологияны эки чоң бөлүккө бөлүп караган туура дейт элем.

1. Мамлекеттик идеология.

2. Улуттук идеология.

Туура. Бөлбөй аралаш чогуу карагандар да бар. Өзгөчө биздикиндей унитардык республиканын атын алып жүргөн, саны жагынан көпчүлүктү түзгөн түпкүлүктүү улуттарда экөөнүн иши дээрлик аралашып калган жагдайлар деле арбын. Ошондой болсо да, өз-өзүнчө бөлүп караса, ар биринин аткарар иши так ажыратылат. Кылымдарды карыткан бай тарыхы бар, улуттук кулк-мүнөзү калыптанган элдердин улуттук идеологиясы өзгөчө болот. Анда мамлекеттик бийликтин ишинен да улуу турган тарыхый нарк-насил жатат. “Хан бийлигинен - нарк кучтуу” деп ошондон айтылган. Ошондуктан биз өзүнчө кароо жолун тандадык.

Мамлекеттик идеология мамлекеттин руханий, маданий, илимий, экономикалык жана интеллектуалдык жактан туруктуу өнүгүшүнө шарт түзгөн ой-максаттарын, идеяларын жана аткара турган иш-аракет программаларын коомго туура түшүндүрүүдөн турат.

Ар бир мамлекеттин өзүнө гана тиешелүү, мамлекеттин ички жана сырткы саясий карым-катнаш, руханий-интеллектуалдык, маданий-экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жараша жүргүзгөн аракеттери мамлекеттик идеологиясы болушу керек. Баардык өнүккөн мамлекеттердин басып өткөн жолун карасаңыздар, алар өздөрүнө гана тиешелүү өсүп-өнүгүү аркылуу ийгиликке жетишишкен. Кайсы бир мамлекеттин баскан жолун туурайм деш - адашкандык. Анткени, ар бир мамлекет жүздөгөн жылдар бою калыптанган улуттук эс тутумга ээ экенин жана биздикиндей унитардык мамлекеттерде башкаларга таптакыр окшошпогон мүнөз бар экенин эстен чыгарууга болбойт. Ошондуктан биздин жүргүзгөн мамлекеттик идеологиябыз өзүбүзгө гана тиешелүү болуп, башкаларга окшоштуруу аракетибиз жок экенин башынан ачык айтмакчыбыз.

Мамлекет кабыл алган мыйзамдарына жана программаларына таянып өз идеологиясын жүргүзөт. Демек, биздин мамлекеттик идеологиябыздын өзөктүк негизи - Конституциябыз, жана ошондой эле, кабыл алган чукул жана көп жылдык экономикалык, руханий-интеллектуалдык программаларыбыз, иш-аракеттерди укуктук жөнгө салган мыйзамдарыбыз.

Мамлекеттик идеологиянын башкы милдети - коомго өз учурунда идеялык багыттарды жеткиликтүү, туура жеткирүү менен бирге, алдыга койгон максаттарды ишке ашырууда жалпы жарандарын, элин шыктандырып, коомго дем берип туруу.

Конституция - идеологиялык, саясий, укуктук документ катары жогорку юридикалык күчкө ээ болгон, конституциялык түзүлүштү аныктаган, мамлекеттик бийликтин башкаруу системасына багыт берген, жаран менен мамлекеттик бийликтин мамилесин жөнгө салган, коомдо элдин бийликке таасир берүү мүмкүнчүлүгүн шарттаган баш мыйзам.

Кыргыз Республикасьнын Конституциясь:

“Биз, Кыргыз Республикасынын эли, өз тагдырыбызды өз алдынча чечүү укугун туу тутуп;

укук үстөмдүүлүгүн, адилеттүүлүктү жана тең укуктуулукту

камсыз кылуу максатында;

чыныгы элдик бийликтин негиздерин бекемдеп;

ата-бабабыздын нарк, салтын сактап, Айкөл Манастын осуяттарына таянып, биримдикте, тынчтыкта жана ынтымакта табият менен таттуу мамиледе жашоону улап...” - деп башталган.

Ал эми 1-берене:

“1. Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) - кез карандысыз, эгемен, демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мам-лекет?” - деп турат.

Биз бул беренени жөн жерден мисалга келтирген жокпуз. Алдыда так ушул беренеге таянган сөздөр көп болмокчу.

Мамлекеттин укук түзүмүнүн негизи болгон Конституция улуттун тарыхый, саясий-укуктук тажрыйбасына таянган, элдин укуктук аң-сезиминин деңгээлине ылайыкталган, реалдуу турмуштун талабына жооп берген, сырткы күчтөрдүн укуктук интервенциясына кабылбаган документ болушу керек. Колдонуудагы азыркы Баш мыйзамыбыз ушул талаптарга жооп берерине ишенимим бекем.

Көз карандысыз, эгемен мамлекет катары өз арабабызды өзүбүз тартып, мамлекет катары жашаганыбызга отуз жылдан ашты. Чоң тарыхта бул көз ирмемдей убакыт болгону менен, жеке адамдын жашоо ченеминен туруп карасак, эгемендикти алган жылдарда төрөлгөн балдар 30дан ашкан керилген жигит, кыз, келин болушту. Бирок, отуз жыл ичинде мамлекетибиз руханий, маданий, экономикалык туңгуюктан чыга албай, жашоо-турмушу төмөн кедей өлкөлөрдүн тизмесинде орун алышы, өлкөдөгү жумушсуздук жыл сайын жогорулап, миңдеген жарандарыбыз кара жанды багуу аракети менен чет өлкөлөргө мигрант болуп агылышы зээнибизди кейитет. “Эмне себептен биздин эгемен мамлекетибизде экономикалык кризис жылдан-жылга тереңдеп, сырткы карыздарыбыз көбөйгөндөн көбөйүп, а түгүл мамлекет катары жок болуу коркунучуна жакындап келатабыз?” деген суроо ар бир жараныбыздын жүрөгүндө турат.

Бул мени да түйшөлткөн суроолордун бири. Президенттик кызматка аттанууга бел байлаганда, ушул суроонун жообун табууга жана чечүүгө болоруна ишенгем. Анын жолдорун да көргөм. Мамлекетибиздин ички мүмкүнчүлүгүндө экономиканы көтөрүүгө болгон ресурстар жетиштүү. Элибиздин интеллектуалдык деңгээли жогору. Мындай потенциалы бар мамлекеттин кедей болууга акысы жок. Кыргыз мамлекетинин канын соргон, анын экономикалык жактан оңолушуна тоскоолдук келтирген каскактын башы - коррупция. Коррупция мамлекетте ушунчалык терең тамыр жайган. Коррупцияга малынбаган бир да тармак калган эмес. Коррупциялык көрүнүштүн башында Кумтөр кени турган. Буга мен депутат болуп жүргөндө эле күбө болгом. Ошондуктан, ишти биринчи эле Кумтөрдү кайрадан мамлекеттин менчигине кайтарып, элдин жыргалчылыгына иштетүүдөн баштадык.

Кумттөрдү мамлекетке кайтаруу оңой-олтоңго турбаганына баарыңыздар күбөсүздөр. Кумтөргө ээлик кылган чет өлкөлүктөрдөн да мекенибизде жашап-иштеп жүргөн ички коррупционерлердин каршылыгы күчтүү болду. Кандай гана тирешүүлөргө кабылбадык. Эмне деген гана опуза сөздөр айтылбады. Анткени, алар көп жылдар бою Кумтөрдү жыргал жашоонун булагына айландырып, митедей соруп келе жаткан байлыктарынан айрылып жатышкан. Баарына чыдашка туура келди. Акыры акыйкаттык орноп, Кумтөрдү мамлекетибизге кайтарып, элибиздин кызыкчылыгы үчүн иштете баштадык.

Эмне үчүн мен Кумтөрдү мисал келтирдим? “Кумтөр маселеси ушунчалык көп айтылып, а түгүл эл тажагыдай деле болду го. Муну мисалга келтириштин кажети бар беле?” деген суроо жаралышы ыктымал. Анын себеби, так ушул көйгөй мамлекеттик идеологияны түшүндүрүүгө жакшы көрсөткүч болуп бере алат.

Баш мыйзамыбыздын биринчи беренесинде көз карандысыз эгемен мамлекет экенибиз баса белгиленип турарын айттык. Анда эмне үчүн кайсы бир чет өлкөлүк фирма келип, биздин эгемен республиканын ички мыйзамдарын тоготпой, өз билгенин кылып, мамлекеттин ичиндеги өзүнчө мамлекетти жаратып, элдин байлыгын каалагандай тоношу керек? Буга эмне үчүн өлкөбүздөгү бийлик жол берди?”.

Уландысы бар...

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости