www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-сентябрда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевдин ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болду. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин расмий сайтында жарыяланды.

Мамлекет башчылары кыргыз-тажик чек арасындагы соңку каргашалуу окуяларга байланыштуу пикир алышты. Өзбекстандын президенти каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кырдаалды басаңдатуу боюнча эки тараптуу макулдашууларга жетишүүнү чын жүрөктөн кубаттады.

Өзбекстан менен Кыргызстандын лидерлери Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин программасынын алкагында өткөн иш-чаралардын жемиштүү жыйынтыктарын талкуулашты.

Кызматташтыктын артыкчылыктуу долбоорлору, анын ичинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун илгерилетүү боюнча макулдашууларды практикалык ишке ашыруунун маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди.

Ошондой эле алдыдагы саммиттерге, анын ичинде аймактык түзүмдөрдүн алкагындагы даярдыктын жүрүшү каралды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости