www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттикке талапкер Садык Шер-Нияз менен Садыр Жапаров жолукканы жалпыга маалым. "Алмамбет Шыкмаматовдун демилгеси менен өткөн бул сүйлөшүүдө президентикке талапкерлер консенсуска келди. Натыйжада Садык Шер-Нияз өз талапкерлигин алып салууну чечти. Ал эми Садыр Жапаров президент болуп шайланып калса, Садык Шер-Нияз козгогон сот реформасын колго алып, маданият жана билим берүү тармагына жетиштүү деңгээлде көңүл бурмакчы болду. Ошону менен бирге Садык Шер-Нияз өлкөбүз президенттик эмес, парламентаризм багытында өнүгүшү керек деген позициясын мындан кийин дагы кармана бермекчи", - деп Ибрагим Нуракун уулу расмий жар салган. 

Кызыгы, Садык мырза өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына 4 сап ыры менен өзүнүн сезимин камтыган. 

Жүрөгүм ооругансып турабы дейм,

Ооруса ал өзүмдүн күнөөм чыгаар.

Оорумактан ал кургур токтоп калсын,

Ансыз деле киши жок үнүн угаар...- деп жазган ЖК депутаты Садык Шер-Нияз.

Садык мырзанын жүрөгүнөн чыккан мындай ыр саптарга социалдык тармактагы оозуна күчү жетпеген жогорку билимдүүлөр, коңулга кирип, котур ташын ыргыткан фейктердин пикири болушу толугу менен мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости