www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Интерфакс-Украина» агенттиги дүйнөдөгү 2020-жылдын жеңүүчү жана иши оң келбеген саясатчылардын рейтинги тууралуу жарыя кылды. Рейтингди эл аралык мамилелер магистри, эл аралык саясат таануучу Антон Ровенский түздү. “Жылдын татыктуулары” категориясындагы сыйлыкка ээ болгондордун катарында Азербайжан президенти Ильхам Алиев бар. “Азербайжандын президенти Тоолуу Карабакта мамлекеттин ичиндеги согуштук иш аркеттерде ийгиликтерге жетишти”, - деп белгилейт агенттик. Ошондой эле жеңүүчүлөрдүн ондугуна Реджеп Тайип Эрдоган (Турция), Нарендра Моди (Индия), Си Цзиньпин (Китай), Камала Харрис (США), Виктор Орбан (Венгрия), Садыр Жапаров (Кыргызстан), Ингрида Шимоните (Литва), Майя Санду (Молдова) и Луис Арсе (Боливия) киришти. “Иши оң келбегендердин” катарынын сап башын Армениянын премьер-министри Никол Пашинян турду.

“Армениянын Азербайжан менен болгон кагылышуусундагы утулуш расмий Ереванды олуттуу ички саясий кризиске кириптер кылды. Ал эми Никол Пашиняндын качан бийликтен четтетилээрин убакыт гана көрсөтөт. Жакында Пашиняндын кылмыш жообуна тартылуудан качып, саясий башпаанек издеп эмиграцияга кетээри шексиз”. Ошондой эле иши оң келбегендердин ондугунун катарына: Игорь Додон (Молдова), Александр Лукашенко (Беларусь), Эммануэль Макрон (Франция), Урсула фон дер Ляйен (ЕС), Ярослав Качиньский (Польша), Мило Джуканович (Черногория), Хашим Тачи (Косово), Биньямин Нетаньяху (Израиль) и Халифа Хафтар (Ливия) киришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости