www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талант Мамытов бүгүн, 24-декабрда, мамлекеттик органдардын айрым жетекчилеринин, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусунда өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт.
Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында президенттик шайлоо учурунда коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо маселеси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилеринин тизмесине сунуштамалар каралат.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков жана ички иштер министри Улан Ниязбеков республика аймагында коронавирус инфекциясы шартында Кыргыз Республикасынын Президентинин кезексиз шайлоосун уюштуруу жана өлкөдө мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү жаатында аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат беришет.
Коопсуздук кеңешинин жыйыны Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Ала-Тоо-24» телеканалында жана социалдык тармактардагы баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.
Башталышы саат 11:00дө.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg