www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров кызматын качан тапшырат?

Садыр Жапаров инаугурациядан кийин премьер-министрликтен расмий түрдө кетет. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Рысалиев билдирди.

«Инаугурациядан кийин ал расмий түрдө премьер-министрлик ыйгарым укуктарынан баш тартат. Азырынча премьер-министрдин милдетин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аткарып турат», - деди ал.

Эске салсак, премьер-министр Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн 2020-жылы 14-ноябрда убактылуу ыйгарым укуктарын токтоткон.

Ал эми 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдумда шайлоочулардын 79 пайыз добушуна ээ болду.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости