www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Илгери Ысык-Көлдө Токон Шайлиева деген губернатор болгон, токойдун баарын кырган. Көлдө балык калбай калды, Түптө мен иштеп жүргөндө 78 миң калкы бар болчу. Бир депутатыңар жок. Садыр Жапаровдон башка силерде кимиңер бар. Түптүн эли эмки шайлоодо кайсыл талапкер шайлап бер деп Анжелика Бекболиеваны ырдатып, алып келбесин, укпагыла, "чимкириксиңер", "акмаксыңар", - деп ачык айткыла. Сатылбагыла! Уктабагыла, биригелик”, - деп бүгүн блогер Сыймык Жапыкеев Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылган Түптөгү митингде жалындуу сөз сүйлөдү.
Ошондой эле, Жапыкеев депутат боло турган болсо мыкты эл өкүлү болмоктугун айтып, бирок, ал үчүн чөнтөгүндө 300 миң АКШ доллары жок экендигин билдирди. Андан сырткары, блогер Ысык-Көлдүн кулуну, анын досу, президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев Ысык-Көл элине, абалы мышык ыйлай турган Каракол шаары үчүн кандай көңүл жылытарлык иш кылып койгондугуна кызыкты.
Булак: NazarNews.kg