www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 22-январдагы парламенттин жыйынында Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова пилоттук долбоор колдонулган мектепте 10-11-класстын окуучуларын өзү тандаган гана сабактар менен окутуу башталганын билдирди.
Депутат Абдывахап Нурбаев окуучулар кереги жок сабактарды окугандыктан, 9-класстан кийин балдардын окууга болгон кызыгуусу жоголорун айтып, окуучуларга тандоо мүмкүнчүлүгү качан берилерин сураган. Жалпы орто билим берүүчү мектептердеги окутулган 14 предметти эмес, анын ичинен даярданып жүргөн кесибине байланыштуу жети сабак боюнча билим алуу керек деген оюн билдирди.
Жусупбекова учурда бул боюнча жер-жерлерде пилоттук долбоорлорду даярдоо дээрлик аяктап калганын жооп иретинде айтты.
"Ар бир облус менен тармактык окутуу боюнча сүйлөшүп жатабыз. Министрликтин командасы учурда канча мектеп быйыл, канчасы кийинки жылы өтүүгө даяр экенин аныктап жатат. Январдын аягында быйыл канчасы тармактык окутууга өтөрүн айта алабыз. Пилоттук долбоор биринчи Бишкек шаарынан башталган. Мисалы, №12 мектептин 10-11-классын бүткөндөр медицина тармагына кандайдыр бир деңгээлде даяр болуп чыгат", — деди Жусупбекова.
Булак:NazarNews.kg