www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун сакчыларынан COVID чыккандыктан, мамлекет башчы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого добушун бир күн эрте берди.

Президенттин маалымат кызматы Жапаров башкалардын ден соолугуна коркунуч келтирип албоо үчүн обочолонуп добуш бергендигин билдирди.

Жапаров добушун шайлоо участкасынан сырткары жерден берген.

"Бир күн мурда мамлекет башчынын жеке коопсуздук кызматкерлеринин биринен коронавирус катталгандыгына байланыштуу участкалык шайлоо комиссиясы көчмө добуш берүүнү уюштурду. Президенттен коронавирус аныкталган эмес. Бирок Жапаров эпидемиологдордун сунушун эске алып, башкалардын ден-соолугуна коркунуч келтирип албоо үчүн обочолонуп добуш берген", — деп жазылат маалыматта.

Жапаров кыргызстандыктарды жарандык милдеттерин аткарып, шайлоого катышууга чакырды.

Президенттин маалымат кызматы "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамдын 33-беренесине таянып шайлоо участкаларына ден соолугуна байланыштуу же башка себептерден улам келе албай калгандар шайлоого бир күн калганда участкадан тышкары жайда добуш бере аларын белгиледи.

Эске салсак, эртең 11-июлда Бишкек, Ош жана Токмокто шаардык кеңештерге депутаттарды кайра шайлоо өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости