www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин комитетинде "Кант" базасы тууралуу мыйзам долбоору каралды.

Жыйында Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Пирматов бул мыйзам долбоору саясатташып жатканын айтып, түшүндүрмө берди.

"Бул маселе өткөн аптада каралышы керек эле. Техникалык себептерден улам өкмөт Юстиция министрлигинен жана Жер агенттигинен корутундуну маселесиз алып келебиз дегенинен күн тартибинен алып, бүгүнкү күнгө койгонбуз. Муну кенен талкуулап, коомчулукка жеткирип койбосок саясатташып кетиптир. 2003-жылы биз "Кант" авиабазасын Орусияга ижарага бергенбиз. Бул келишимдин негизинде 17 жылдын жүзү болуп жатат. 2012-жылы өзгөртүүлөрдү киргизип, жаңы келишимдерди кабыл алганбыз. Кыргызстандын кызыкчылыгын камтыган 1-2 пункту гана киргизип жатабыз. Бардыгы ачык-айкын жарыяланып турат. 2012-жылы кабыл алган келишим турат. Биз болгону 2016-жылы буга чейин ижарага берилген жерлерди инвентаризация жасаганда 17 гектар жер ашыкча чыгып калганына байланыштуу ушул туура эмес болуп калыптыр деп буга кошумча жыл сайын 291 миң доллар акча төлөнсүн деген максатта өзгөртүүлөр киргизилген. 2012-жылдан бери негизсиз которбой жаткан 4 миллион 500 миң доллар акчаны дагы түшүрүү максатында ушул өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Авиабазанын техникалык абалы начарлап, оңдоп-түзөөгө муктаж. Биз оңдой албайбыз, Россия буга 2 миллиард доллардай каражат жумшайт. Бул мыйзам долбоорунда жер тилкеси тууралуу сөз жок, оңдоп-түзөө болот.

Эгерде ар кандай террордук күчтөр тарабынан мамлекеттин бүтүндүгүнө, эгемендүүлүгүнө коркунуч жарала турган болсо, ушул бириктирилген база коркунучтарды жокко чыгарганга жардам берет", - дейт Пирматов.

Акыры бул мыйзам долбоору комитетте колдоо тапты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости