www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк–Түштүк тең салмактуулугун сакташ үчүн 2018-жылдын апрелинде Сапар Исаковдун ордуна өкмөт башчылыгына келген Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнүн дараметин кемирип бүттү. Кайсы жерде ызы-чуу чыкса Абылгазиевдин башы жылт этип көрүнө калчу болду. Анын эс алууга кетишинин себеби да үналгы жыштыктары боюнча мыйзамсыз окуялар болду. Абылгазиев өкмөт башчысы катары көпчүлүктө ишенимин жоготсо, ушул окуядан соң президентке да катуу сокку уруп, ишенимин жоготуп алгандай. Ушул окуя себеп болобу же жаңы шайланып келе турган партия жаңы өкмөт шайлайбы, эртели–кеч Абылгазиевдин да премьердик доору тамам болор. Азыркы орун басарларынын арасында бычакка саптуу анын ордун баса тургандар барбы?

“Республика–Ата-Журт” фракциясы көзөмөлдөгөн вице–премьерликке мурун Руслан Казакбаевдин бир тууганынын жубайы Алтынай Өмүрбекованын ордуна Аида Исмаилова келген. Экөө тең Бишкектик болгондуктан жер–жердеги көйгөйлөрдү жакшы билбегени үчүн, сын угуп жүрүшөт. Аида Исмаилованын жеткен жери вице-премьер болсо керек. Ал эми экономика тарапты тейлеген Эркин Асрандиев Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан келген. Эркин Асрандиев экономика тарапты чечмелегени менен үналгы жыштыктарын сатууда казак компанияларынын жетекчилери менен жолугушуп, түптөлүп бараткан кадыр-баркын чачып алды. Ал эми Акрам Мадумаров тууралуу Улукбек Ормонов сыяктуу депутаттар бекер шайлаган экенбиз деп бармагын тиштеп отурушат. Чек ара маселеси боюнча Мадумаров тууралуу сөз да болгон жок. Мурунку вице–премьер Жеңиш Разаков чек ара менен тыгыз иштегендиктен чек ара маселеси боюнча Разаковдун аты көп атала турган. Мадумаров айлыгын алыш үчүн гана иштеп жаткандай. Жакында болгон чек ара боюнча чырга биринчи вице–премьер Кубатбек Боронов барып, Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен ортодо жүргөн түйшүктүү маселелерди чечип келди. Эмгек өргүүсүндө болсо да өкмөт башчысы Абылгазиев өзү Баткенге барышы керек болчу, бул кыргыз эли үчүн абдан маанилүү маселе болгон. Эки өкмөт башчысы бет маңдай отуруп, зарыл маселелерди чечсе туура болмок. Муну өкмөт башчысы өзү да жакшы түшүнөт деп ойлойм. Арийне, өкмөт башчысы Абылгазиевдин жоктугун биринчи вице–премьер Кубатбек Боронов билдирген жок. Кыргыз-өзбек чек арасындагы акыркы чатактан кийинки эки тараптуу жолугушууда Өзбекстан күн тартибине үч маселени койду:

1. Риштан районундагы «Кайтпас» постун ачып берүү боюнча. Сох менен байланыштырган  «Кайтпас» посту боюнча Биринчи вице–премьер Боронов турган кыргыз бийлиги «Бүгүн-эртең ачып беребиз» дешпей өз позициясын билдирди. Бул маселени Өзбекстан менен чогуу иштеп, эки өлкөнүн комиссияларынын алкагында каралат. Андан тышкары Кыргызстан Орусия, Беларус, Казакстан, Армения мамлекеттери кирген Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Бажы боюнча тиешелүу мыйзамдары бар.

2. Жайыттар боюнча эки облустун – Баткен жана Өзбекстандын Фергана облустарынын жетекчилерине тапшырма берилди. Алар маселени талдап, сунуш беришсе карап берели деген жооп айттык. Алар макул болушту

3. Токтогул суу сактагычынан же Сырдарыядан сугат мезгилинде суу алуу боюнча маселе айтылды. Кыргыз бийлиги суу боюнча да мүмкүнчүлүккө жараша карап көрөлү дешти.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов ошол эле учурда Кыргызстан Өзбекстанга карата эки маселе көтөргөнүн билдирди:

1. Буга чейинки өкмөт аралык комиссиялардын ишин тездетүү. Буга макул болушту.

2. Сох районунун тегерегиндеги Кыргызстандын эки айылына суу чыкпай калган экен. Маселе жеринен чечилип, биздин айылдарга суу берилди. Чырдын башы болгон Чечме-Булак суусун коңшу тарап өздөрүнө буруп алган экен. Ал мурдагы абалына келтирилди.

Бул бир тарабы эле, мурункуларга кайрылалы, 2019-жылы апрелде өкмөт Кызыл-Омполдо уран кенин чалгындоо толук токтотулганын айтканы менен, лицензия чакыртып алынганы ырастай алган эмес. “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясы да бул боюнча үн катпай турганда, нааразылыктардын фонунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов уран кенин иштетүүгө тыюу салынып, “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясына берилген лицензия чакыртылып алынганын айтканы кызуу колдоо менен кабылданган. Уран кени боюнча кара пиар катуу жүргөн, эмнеге ушундай бийлик үчүн оор кырдаалдарда премьер Абылгазиев оозуна суу толтуруп алгансып, үн катпай отурду? Кызматына жараша ары –бери чуркап, өзүнүн кичи мекени Кочкор районундагы бул ишти жеринен чечип берип койсо болмок.

2019-жылы августунда Солтон –Сары алтын кенинде чыр чыгып, чет мамлекеттик адамдар запкы жеп жатканда премьер Абылгазиевдин үнү чыккан жок. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов мындай оор кырдаалдарда Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен жетип барып, чырды басышкан. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кыргыз эли үчүн абдан баалуу “Кумтөр” боюнча жаңы макулдашууларга жетишкен жана башка премьер Абылгазиевдин тике иштеринин көбүн аркалап келатат. Кызык, өкмөт башчысынын айлыгын алган премьер Абылгазиев бир гана май-талкандуу кадрлар маселесин чечип, ал эми анын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновду”ДЗОТко” төшүн тостуруп, чырга байланыштуу иштерге жөнөтүп турабы? Андай болсо Абылгазиевдин кыргыз эли үчүн пайдасы кайсы, өзүнүн жердештерине барууга да духу жетпесе?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости