www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шакинин

«Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмаз Баатырбеков Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу жөнүндө арыз жазды. Бул тууралуу Алмаз Баатырбеков NazarNews маалымат агенттигине тастыктады.

Анын айтымында, мандатты тапшыруу 2020-жылы күзүндө боло турган парламенттик шайлоого даярдык менен байланыштуу.

"Партиядан талапкерлердин тизмесинде кийинки орунду Бейшенаалы Нурдинов ээледи. Ал Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын тиешелүү чечиминен кийин ЖКнын депутаты боло алат.

Бүгүн, 9-июнда БШКнын отуруму болот", - деди Баатырбеков.

Белгилей кетсек, Шаршенбек Абдыкеримов менен Алмаз Баатырбеков классташ.

Эске сала кетсек, бир күн мурун аталган партиянын дагы бир депутаты Руслан Чойбеков өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости