www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө тууралу иш боюнча кезектеги отурум өтүүдө. Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыкты.

Отурумдун башында судья Сапар Исаковдун сотко жөнөткөн билдирүүсүн окуп берди.

«Мен соттук жыйынга катышуудан баш тартам. Мурда сиздин чечимиңиз менен четтетилип, суракка катышууга мүмкүнчүлүгүм жок болчу», — деп айтылат билдирүүдө.

Мурда мамлекеттик айыптоочулар мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду Кылмыш кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыратууну жана зыяндын ордун толтуруу иретинде 247 млн сом төлөтүүнү суранган.

Ал эми президенттин аппаратынын жарандык өнүгүү, диний жана этностор аралык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Мира Карыбаеваны Кылмыш кодексинин 302-беренесинин 1-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айыппул салууну өтүнүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости