www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сөзүбүздүн башындагы «анекдоттун аягы эмне менен бүтөт?» дебедик беле? Ошондуктан ушуга байланыштуу дагы бир окуяны кыстара кетейин.
Хрущевдун мезгилинде ага карата өтө көп анекдот болгондуктан, Хрущев КГБнын чоңун чакырып, «анекдот чыгарган адамды тап» деп тапшырма берген дешет. Алар, албетте, шимшилеп жүрүп кайсы бир заводдон Иван деген анекдотту көп айткан (чыгарган) жумушчуну таап Хрущевго алып келишет.
Аны менен көпкө сүйлөшөт. Анан Хрущев астында турган түркүн закускаларды көрсөтүп, «мына Иван, азыр сенде мындай жакшы арак, икра, балык ж.б. жок. Бирок коммунизмде сенде да болот» дейт. Анда Иван «урматтуу Никита Сергеевич, сиз менен азыр эле «мындан ары анекдот чыгарбайбыз» деп макулдаштык эле, а бирок сиз өзүңүз анекдот чыгарып атпайсызбы?» деген экен.
Анекдоттор турмуштан алынат эмеспи, кандай уланарын көрө жатаарбыз. А Иван деген орус кийин белгисиз жоголгон дешет.
Бизде андай анекдот чыгарган адам да жок, кырдаал да башка, бирок кандайдыр бир деңгээлде окшоштуктар бар. Алардан сабак алуу парз.
Булак: "Азия News" гезити