www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шанхай Кызматташтык Уюму Ирандын өзөктүк жана коргонуу жаатындагы илимпозунун өлтүрүлүшүн айыптап, күнөөлүүлөрдү аныктап, жоопко тартууга чакырды.

Fars News агенттигинин Эл аралык тобунун маалыматына ылайык, "Шанхай Кызматташтык Уюму" өз билдирүүсүндө Ирандын белгилүү өзөктүк жана коргонуу илимпозу Мухсен Фахризаденин өлтүрүлүшүн кескин айыптады.
Бул уюм аймактагы бардык туруксуздаштыруучу аракеттерди, ошондой эле террорчулуктун бардык түрлөрүн кескин айыптап, мындай аракеттер эл аралык укукту бузуп гана тим болбостон, аймактардагы тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч туудурарын баса белгиледи.


ШКУ бул кол салуунун күнөөкөрлөрү аныкталып, сот жообуна тартылат деп үмүттөнөөрүн кошумчалады.
Эске салсак, Коргоо министрлигинин Илимий-инновациялык уюмунун башчысы Мухсен Фахризаде 28-декабрь, жума күнү түштөн кийин унаасына куралдуу террордук элементтердин кол салуусунан шейит кетти.
Америкалык New York Times гезити Иранда болгон террордук окуядан кийин бир кабарында чалгындоо кызматкерлерине шилтеме жасап, шейит Фахризаденин өлтүрүлүшүнүн артында сионисттик режим турат деп жазган.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости