www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы БУУ комиссиясынын марихуананы дүйнөдөгү кооптуу баңзаттардын катарынан чыгаруу чечимине каршы добуш берди.

ИИМ баңгизатка көзөмөлдү азайткан кандай гана чечим болбосун терс таасир көрсөтөөрүн маалымдады.

Эске салсак, 2-декабрда БУУ комиссиясы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу менен марихуананы дүйнөдөгү эң кооптуу баңгизаттардын катарынан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган. Комиссияга 53 мамлекет катышып, АКШ жана Европа Биримдигине кирген 27 мамлекет чечимди кубаттады. Кыргызстан жана Орусия өңдүү 25 мамлекет каршы добуш берди. Украина бейтарап турумда калган.

Марихуана 1961-жылы Баңгизаттар боюнча бирдиктүү конвенциянын тизмесине кооптуу маңзат катары кирген.

Эксперттердин айтымында, БУУ комиссиясынын чечими өлкөлөр тарабынан сөзсүз ыкчам ишке ашыруууу мүнөзүнө ээ эмес, себеби, ар бир мамлекет баңгизаттар боюнча өз саясатын белгилейт. "New York Times" гезити көп өлкөлөр глобалдык конвенцияга таянарын жазды.

АКШдагы бир катар штаттарда жана дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде марихуананы медициналык максаттарда колдонушат же жекече колдонууга уруксат берилген. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости