www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлөрүн билген жигит акыркы тилегин орундатты

Американын Чикаго шаарында өлүм алдында турган жаран өзүнүн мектептеги махабатына үйлөндү.

23 жаштагы Хавьер Родригеске гипертрофиялык кардиомиопатия диагнозу коюлган. Ал тубаса  генетикалык оору. Бул жаштарды жүрөк оорусуна чалдыктырат. Родригес 14 жана 18 жашында эки жолу жүрөгүнө трансплантация жасалган.

Родригес орто мектепте башынан эле өзүнүн классташы Кристал Куэвас менен сүйлөшүп жүрчү. Жубайлардын кичине кызы бар.

Дарыгер Брайан Смит Родригестин бир нече күн жашоосу калганын айткан. Акыркы тилек иретинде Родригес Куева менен үйлөнүүнү чечет. Ал мүрзөсүнө Кристалдын күйөөсү катары жазылууну каалаган.

Үйлөнүү үлпөт салтанаты шашылыш уюштурулуп, 27-ноябрда Чикаго медициналык борборунда өткөн. Колукту үйлөнүү тоюна бир саат калганда көйнөгүн кийет. Родригес болсо кечигип келген.

“Адатта баары тескерисинче болушу керек эле”, - деп тамашалайт Кристал.

Жигит Куэваска сезимин билдирген кезде, ал ыйлап жиберген. Ошентип, алар күйөө менен аялы деп жарыяланат. Андан кийин жаш жубайларды хосписке алып барышкан.

Куэвас Родригестин өз өлүмүнө олуттуу түрдө караганын айтат. Бирок, ал жашоосундагы эң бактылуу күндүн ачуу болгонун мойнуна алды, анткени ал көп узабай жесир калган эне болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости