www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пандемия учурунда дүйнө жүзү кризиске кептелип, көптөгөн жоготууларга учурады.

Кыргызстан үчүн да, быйыл пандемия оңой-олтоң жылдардан болгон жок. Көптөгөн иш жана бизнес тармактары кризиске учурап, бир топ адамдар ишсиз калган.

Бирок, айыл-чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Тилек Токтогазиевдин айтымына караганда, айыл-чарба тармагы жоготууларга учурабастан, тескерисинче, чет өлкөгө болгон экспорттун пайызын көтөргөн.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын чет өлкөлөргө жасаган экспортунун көлөмү 2019-жылы 12% түзгөн. Ал эми 2020-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанда коронавирус катуу күч алса да, экспорттун көлөмү 15% түзгөн.

“Кыргызстандын сыртына чыккан экспорттун пайызынын жогорулашы, дүйнөдө канчалык катуу кризис болбосун, айыл-чарба тармагы элге керек болуп, жардамы эбегейсиз дегенди түшүндүрөт”,- дейт айыл-чарба министри. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости