www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти "Bloomberg" журналы тарабынан 2020-жылы дүйнөдөгү эң таасирдүү адамдардын бири деп табылды.
"Bloomberg" журналы 2020-жылдагы бизнес, саясат, көңүл ачуу, каржы, илим жана технология тармактарындагы жетишкендиктери мактоого арзыган 50 адамдын тизмесин жарыялады.
Тизмеде Беларуссиянын оппозиция ишмери Светлана Тихановская, АКШнын инфекциялык оорулар боюнча адиси Энтони Фаучи жана "Black Lives Matter" кыймылынын негиздөөчүсү Билли Айлиш дагы бар.
Ошондой эле, Орусиянын президенти Владимир Путин бир катар башка мамлекет башчыларынын, анын ичинде АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп жана шайланган президенти Джо Байден, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон, Бразилиянын президенти Жаир Болсонар, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, Германиянын канцлери Ангела Меркел, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен катар "Bloomberg" журналынын 2020-жылы дүйнөдөгү эң таасирдүү адамдар боюнча өзүнчө бир тизмесинен орун алды.
Булак: NazarNews.kg