www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министрлигинде лабораториялык жыйынтыктарды (ПЧР анализдер) жана эмдөө сертификаттарын берүү боюнча санариптик кызматтар иштебей калды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, "Мен COVID-19сыз саякаттайм" мобилдик тиркемеси жана башкалар иштебей калган. Буга тармактык жабдууларындагы техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгон.

"Адистер техникалык мүчүлүштүктү жоюуга аракет кылып жатат. Учурда ыйгарым укуктуу лабораториялардын колтамгасы жана мөөрү бар, QR коду жок сертификаттарды шашылыш түрдө берүү маселеси каралды", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости