www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай ТИМинин өкүлү Чжао Лицзянь социалдык тармактагы баракчасына Латын Америка жана Африка мамлекеттеринин АКШ менен Евробиримдик тарабынан эксплуатацияланышын сындаган карикатуралуу пост жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Бул өлкөлөр жарды эмес. Бул мамлекеттер абдан бай! Болгону эли жакыр! Бул өлкөлөрдү начар өнүккөн деп да айтууга болбойт, алар аша чапкан эксплуатациядан жабыркады", — деп жазган дипломат.

Бул сөздөр америкалык солчул саясат таануучу Майкл Парентиге таандык.

Сүрөттүн өзүндө карта тартылган. Андагы Түштүк Америка менен Африканын ордуна аң-чуңкурлар казылып, кен байлыктын көзөмөлсүз казылышын чагылдырып турат. Ал эми Түндүк Америка менен Европа мамлекеттеринде тоодой болуп тыйындардын үйүлүп жатканын көрүүгө болот. Жер менен жексен болгон материктердин түбүндө да монеталардын сүрөтү түшүрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости