www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"NazarNews" маалымат агенттиги Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеваны кепке тартып, баарлаштык.

- Салкынай айым, "Фейсбуктагы" баракчаңызга: “Бренд кийимдерди кийгени үчүн Аманда Тургунованы сындап, кийимине чейин иликтеп жатып калдык. Ал ким өзү, кандай адамдык сапаттары бар деп ойлогон дагы жокпуз” деген пост калтырдыӊыз. Ал пикириңиз менен эмнени айткыӊыз келди?

- Мен "Фейсбукта" жазган постумда Аманда айымды актайын деген жокмун. Болгону, сын-пикир жазарда бир тараптуу кылып жаза бербей, экинчи тарапка да сөз бериш керек деген ойду айтып жатам. Себеби, элди дүрбөтүп жазаардан мурун ошол адамдын өз оозунан ал көйнөктү кайдан, канча акчага алганын уксак жакшы болмок. Мисалы, мен көп айымдарды билем, жаккан бренд көйнөктү коёндой окшош кылып тиктирип кийип алышат. Чынында айырмалай деле албайсың. Ошол эле Париж, Милан, Дубайда кийимдердин коллекциясы убакыт өткөн сайын баасы кыйла арзандайт. Ошон үчүн бренд көйнөктөрдүн анык баасын билиш үчүн алгач журналисттер жаза турган каармандын өзүнөн жоопторду алыш керек деп эсептейм. Көйнөк эле эмес, дегеле ювелирдик буюмдардын да көптөгөн репликалары бар. Канчага алганын өз ооздорунан укпай туруп, асман чапчыган бааны жаза берген болбойт. Мен жазган постумду негизи Аманда Тургунова жөнүндө жана сынга кабылган аялзаты туурасында жазгам. А чынында, Кыргызстанда бизнес менен алектенген айымдардын көбү Аманда айымдай эле кийинишет. Эгерде алардын жолдошу кокус бир таасирлүү мамлекеттик кызматка келип кала турган болсо, анда аларды да сындап, кийимдерин иликтеп, баасын чыгара башташса керек.

- Аманда Тургунова Райымбек Матраимовдун жубайы болгон үчүн кийими журналисттердин иликтөөсүнө кабылдыбы, же? Мисалы, сиздин деле кийимдериӊиз кымбат болсо керек?

- (Күлүп) Эми өзүм жөнүндө айта турган болсом, мен кийген Дольче Габаннанын бренд көйнөгүн Дональд Трамптын жубайы Мелания да кийип түшкөн сүрөтү бар. Эртең байкеңер максатына жетип калса, "Равшан Жээнбековдун жубайы ушундай кымбат көйнөк кийет экен. Ал акчаны кайдан алды?" деп сындап башташаары турган иш, бирок менин өзүмдүн бизнесим бар экенин, мен ошол иш менен алектенээрим боюнча менден бир ооз сурабастан, элди дүрбөтүп жазып жиберишет.

Галерея HELLO!: Стиль звездных детей: Мелания Трамп с сыном Бэрроном, Фото  1, HELLO! Russia

- Элдин көз кырында жүргөн мырзалардын өздөрүн гана сындап, аялдарына маани бербей койсок болбойбу?

- Албетте, эл оозуна алынып калган мырзалардын жубайлары гана эмес, бүт үй-бүлөсү сынга алынат. Бирок, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Негизи аялзаты боорукер, чыдамкай, анан дагы назик келебиз. Ошол аткаминерлердин кээде үй-бүлөсүнө чыны менен кыйын болот. Аталары эртеден кечке мамлекеттик жумуштар менен алек болуп, үй- бүлөсү дароо экинчи орунга чыгат. Ал турсун балдары, жубайы, бир туугандары да дайыма чектөөлөр менен жүргөнгө мажбур болот. Себеби, жоопту кызматты аркалаган адамдын жашоо шарты элдин көзүндө болот. Болгону, журналисттер мындай учурда чала иликтөө же ушак жазбай чындыкты жазышы керек. 

- Аманда Тургунова менен жеке тааныштыгыӊыз барбы?

-Мен Аманда айымдын өзүн тааныбайм. Бирок бир-эки тойдо көргөм.

- Анан?.. Сизге кандай таасир калтырды?

- Мага кыргыздын жөнөкөй келининдей эле көрүндү. Андан чектен чыккан нерсени деле байкаган жокмун. (Күлүп) тойдо аялзатынын баары сулуу болуп келет эмеспи. Аманда Тургунова тойдо башка айымдардан ашкере айырмаланганын деле көргөн жокмун.

- Сиз жана Американын канайымы Мелания кийген бренд көйнөктү кийип албаптырбы? Дегеле андай көйнөктү кыргыздын  башка айымдары да кийеби?

- Американын канайымы кийген киймдерди биздин ишкер айымдардын көбү кийет. Ишкер айымдарга ичи тардык аз болуп, алардын жасаган иштерине сыймыктануу көп болсо дейт элем. Мен билген ишкер айымдар баары кайрымдуулук менен алектенишет. Бирок, кайрымдуулугун жарыя кылышпайт. Себеби, баарыбыз кайрымдуулук купуя нерсе деп эсептейбиз.

На изображении может находиться: 2 человека
 - Аша чаап сындап, шылдыңдаган адаттан арылыш үчүн эмне кылышыбыз керек?
- Журналисттер коомду көзөмөлдөп, коңгуроо кагып турушу керек. Ансыз болбойт. Анткени, маалымат каражаттары эл менен мамлекеттин жана чоң кызматты ээлеген адамдардын ортосундагы көпүрө. Мен болгону маалымат айдыңында божомолдонгон маалыматтар эмес, чындык жазылса дейм. Бардык иликтөөлөр эки тарапты тең чагылдырышы керек. Кимдики чын, кимдики калп экенин эл өзү таразалап алат.

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости