www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу Академиясына Жусуп Абдрахмановдун аты ыйгарылды. Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнөн котормо:

01.10.1928

Бʏгʏн Ташкенге келдим. Токо тосуп алды. Ал менден вагондон качан тʏшкѳнʏм тууралуу, мен жалгыз келдимби же жанымда дагы бирѳѳлѳр келдиби, деген суроолорду кайта-кайта жаадырып жатты. Ачык айта албаса да Мария менен келдиби деп шекшип турду. Ооба, ал мени менен келген жок, эми мындан ары да эч качан мени менен жʏрбѳйт.

Жол боюу ѳзʏмдʏн кʏндѳлʏгʏмдʏ колго алганым жок. Ошондуктан бʏгʏн гана жолдо болгон ой-толгоолорумду кʏндѳлʏк менен теӊ бѳлʏшкʏм келет. Жакшы эле келдик. Жолдош В. менен шахмат ойнодум. Ван Центендин «Бактылуу кʏндѳрʏн», Спиридовичтин «Жандармдын жазгандарын», Мерешковскийдин «Антихрист» ʏчилтигин кээ бир бѳлʏктѳрʏн окуп чыктым. Акыркы эки тʏн уктабай чыктым. Бул тʏндѳр абдан ажайып тʏндѳр болду.Мен Азиянын ажайып тʏндѳрʏн ушунчалык сагынган экемин,бир кѳз ирмегеним жок. Азиянын айлуу тʏндѳрʏнʏн сырын чечмелеш ʏчʏн, Азияда жашаш керек. Кызыл-Ордо шаарынан биздин вагонго Харитонов кошулду. Мен аны жакындан билдим. Жакшы адам экен.

Бʏгʏн Тер менен Гикалодо болдум. Ташкентте Зеленский жок экен. Чума тууралуу укмуштай сѳздѳр чыгып жатыптыр. Эки жолдош теӊ кыргыз «патриотторунан» болуп калышты. Тер менен Орто Азия Федерациясын уюштурууну тездетʏʏ жана башка кыргыз элине тиешелʏʏ маселелерди талкууладык.

Гикало менен обкомдогу маселер тууралуу сүйлѳштʏк. Ал менен ѳкмѳттʏ таштап, партиялык иштерге келишимди сунуштайт. Ооба, партиялык иштер жогору, а бирок кыргыз ѳкмѳтʏн ЭКСти ким жетектейт? Ошондуктан бул сунуштан эч нерсе чыкпайт. Эч нерсе чыкпайт, анткени мен жогорку кызмат ʏчʏн партиялык иштерге ѳтпѳйм. Эгерде менин ордума кыргыз ѳкмѳтʏнѳ Эркинди алып келсе, анда бир жѳн. ЭКСте курулуш маселелери боюнча бардык маселелер топтолгон, Эркинден башкасы утулуп калышы мʏмкʏн.

02.10.1928

ЭКОСОнун отурумунда болуп, Интергельпону чийки заттар менен камсыз кылышын талап кылып «салгылаштым». Тер акыр аягы колдоду, мен ѳз максатыма жеттим. Фрунзени кѳздѳй жѳнѳдʏм, ал жакта мени эмне кʏтʏп жатат болду экен?

04.10.1928

Мен ѳзʏмдʏн бир боор шаарымда жана ата-конуш очогумдамын. Эмнегедир мага бардыгы сыртын салгансып, бардыгы тескериленип тургандай сезилет. Кызматыма бардым. Шʏгʏрчʏлʏк. Бул Мурат. Мария менен кандай мамиледе калдыӊ, деп Волод сурап калды. Бʏтʏштʏк. Чын эле бʏтʏштʏкпʏ? Чынында же кат, же телеграмма жок.

Эл комиссарларын (министрлерди) кабыл алдым. Азыркы болуп жаткан ал-ахыбал менен тааныштым. Бюджет жагы кѳп жакшы эмес, айыл чарбасынан салык алуу жагында мʏчʏлʏштʏктѳр бар.

05.10.1928 (Жума)

Эл комиссарлар Советинде ишимди уланттым. Эл комиссарларды жана кооперация кызматкерлерин кабыл алдым. Мал чарбачылык боюнча кооперацияда ал-абал начар. Жылыш жок. Менин кабыл алуумда Шаров менен Иванов болушту. Алардын айтуусунда Жол катнаш эл комиссариаты темир жолдун Токмок тармагы боюнча кагаз жʏзʏндѳ буйрук беришиптир, бирок алардын эсептѳѳсʏ боюнча Кант станциясына чейин темир жол бутагын алып келʏʏгѳ 700 000 сом жетишпейт. Бул маселени Зеленскийдин алдына коюуну чечтим, ал Борбордук Комитеттин пленумунда ассигнованиени талап кылсын. Эгерде ал жерде колунан келбейби, кайрадан барып чоӊ адамдардын эшигин жыртууга туура келет. Жагымсыз милдет…

06.10.1928

Мага Эл комиссарлар Советинин мал чарбасы тууралуу долбоорунун резолюциясын карап кѳрʏʏгѳ беришти, эч кандай кыйрата тургандай нерсе жок. Мен ВКП (б) нын областтык комитетинин бюросунда сунуш кылгандарды кайталап, андан да сабатсыз кайталап коюшуптур. Сʏткѳ суу кошкондой эле кеп. Бюджеттин кебете-кешпири ыйлап жибере турган абалда. Маданий-социалдык чыгашалардын салмагы азайыптыр. Капиталдык салымдарга кѳбʏрѳѳк азгырылып, маданиятты унутта калтырыпбыз.

Владимир менен тʏшкʏ тамакты бирге ичтик.

Дан комиссиясынын отурумун ѳткѳздʏм. Дан жыйноо аппаратынын ал-ахыбалы абдан жаман. Азиядан, “Кыргызторг” кооперацияларынын тѳрт кызматкерин катуу сѳгʏш менен кызматтан алууну сунуш кылдым.

08.10.1928

“Этпродуктка” пайлык взнос менен кирʏʏнʏн зарылдыгын Эл комиссариатыны Советинде карап чыктым. Оор эмгекти талап кылат. Бардыгынан ѳкʏнʏчтʏʏсʏ, менин иш боюнча коллегаларым элементардуу нерселерге да тʏшʏнʏшѳ беришпейт – эт рыногун уюштурмайын мал чарбачылыгында иштеп жаткан калктын материалдык абалын кѳтѳрѳ  албайбыз. Бѳтѳнчѳ аз камсыз болгон, мал чарба кʏткѳн алсыз  топтордо.

Мал чарбачылыгын мындан ары да ѳнʏктʏрʏʏ ʏчʏн алардын материалдык базасын чыӊдап, нормалдуу байлык топтоого тʏрткʏ болууга тийиш.

«Кыргызстан Октябрдын 11-жылдыгына карата»-деген Брошюра жазууну баштадым. Кызматымда иштеп жатам, ʏйдѳ иштегим келбейт.

Кабинет – жумуш абалы – ишке баш отум менен киришʏʏгѳ мʏмкʏнчʏлʏк тʏзʏʏдѳ. Эми эмне кылуу керек деген ойлорго убакыт да жок. Менде таӊ калычтуу жагдайлар пайда болуп баратат, адамдардан алыстап баратам. Мага жакын адамдардын арасынан да ѳзʏмдʏ жапжалгыз сезип турам. Кимдир-бирѳѳнʏ издейм, бирок таппайм. Канчага чейин ушундай маанайда болом?

09.10.1928

Бул кʏн анча деле тыянаксыз ѳттʏ. Бир нече дыйкандарды кабыл алдым. Бардыгы айыл чарба салыктарынын оор салмагы мʏӊкʏрѳтʏп жатканын айтышат. Чындыгында эле салыкты кѳбѳйтʏп жибердик. Былтыркы жылы 10 сом тѳлѳгѳндѳр, быйылкы жылы 100 сом тѳлѳшѳт. Туура эмес, бирок муну оӊдоого менин кʏчʏм жетпейт. Бул «элдин камын кѳргѳн, кѳрѳгѳч» борбордук жетекчиликтин иши.

Орто Азия федерациясын тʏзʏʏнʏ тездетʏʏ боюнча сунуштарымды Зеленскийге докладдык записка кылып жаздым. Мен мунун канчалык зарыл экендигин жазсам да, бир нерсе жетишпегендей…

Бʏгʏн Ташкенге Орто Азия Бюросунун Борбордук Комитетинин пленумуна даярданып жаткам, бирок Пленум 20-сына жылдырылды деген телеграмма алдым. Баракелде! Дагы бир жума иштей турайын.

Мамлекеттик сооданын активдери Эл комиссариатынын Советинин токтомун ѳткѳрдʏк. Упсырзаг Кыргызсельсоюзга мал чарбачылык секцияларын бекемдѳѳ ʏчʏн капитал жана мʏлктѳрʏн берди. Акыркы маселе ЭКСтин мʏчѳлѳрʏнʏн арасында ар кандай кѳз карашты жаратты.

Партбилеттʏʏ «колонизаторлор» биздин республикада мал чарбачылыгын ѳстʏрʏʏгѳ кам кѳрʏшʏбʏздʏ жактырбай, колдогусу келишпесе да, кʏчкѳ салып бул маселени колдоого алууга макулдаттым.

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости