www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Путиндин Бээжиндеги Олимпиаданын ачылышына катышканга укугу жок болчу”, - деди бүгүн, 5-февралда, NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Рамазан Дырылдаев.

"Биздин президент Садыр Жапаров Бээжин шаарындагы кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине барып, бүткүл дүйнөлүк кыймылдарга каршы иш кылды. Айтайын дегеним, кытайлар этникалык кыргыздарды, казак, уйгурларды, монголдорду жана башка улуттарды геноцид кылып, тазалап жаткан 11 миң доллардан ашык суммага самолёт жалдап барды.

Чынында Бээжинде өткөн дүйнөлүк коомчулук Жапониядан тартып Норвегия, Америка, Австралия сыяктуу жүздөгөн өлкөлөрдө далай лама баш болуп каршы жүрүш жүрдү. Бир топ өлкө өз делегациясын жибергенден баш тартты. Себеби кытай бийлиги мусулман азчылыктардын миллиондогон өкүлүн түрмөгө отургузуп койгону үчүн аларды экстремист дешти.

Бирок Кытай компартиясы бу геноцид көрүнүштү өздөрүнүн идеологиясы катарында көрөт. Бир гана Путин чуркап барып, Си Цзиньпинди көндүрүп Украинага каршы жүргүзүп жаткан саясатына колдоп коюңуз деп атып, Олимпиаданын идеясын бузду.

Путиндин катышканга укугу жок болчу. Ошон үчүн Си Цзиньпиндин өзүнүн чакыруусу деген шылтоо менен барды. Сочи олимпиадасында орустардын алган биринчилиги кийин жалган болуп чыккан. Орустардын спортчуларынын көпчүлүгү допинг колдонгону аныкталган.

Ал тургай анын баары Путиндин көрсөтмөсү менен болгону ачыкка чыгып калган. Ошол жагдайларды эске алып, мен Олимпиаданы көрбөгөндөрдүн катарында болдум", - деди Дырылдаев.

Эске салсак, Кытайдын лидери Си Цзинпин менен Орусиянын президенти Владимир Путин 4-февралда Бээжинде жолуккан.

Жолугушуу Кытайдын борборунда өтчү Кышкы Олимпиаданын ачылышына бир нече саат калганда болгон.

Бул ортодо Садыр Жапаров 3-февралда Кытай шаарына иш сапар менен учуп кеткен. Анын Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышуусу жана Си Цзиньпин менен жолугуусу пландалган.

4-февралда Бээжин шаарында Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылышы өттү. Кытайдын борбору Олимпиаданын кышкы жана жайкы оюндарын өткөргөн биринчи шаар болуп калды.

Пандемиялык шартка байланыштуу Олимп оюндарынын иш-чаралары спортчулар менен жергиликтүү тургундар менен карым-катыш кылуусуна чектөө коюлду. Аэропорт, спорт объектилеринде, пресс-борборлор жана олимпиадалык айылдар да тосмолонгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости