www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматына караштуу Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги Мамлекеттик салык кызматындагы ири коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Аталган мекеменин жүргүзгөн иликтөөлөрүнө ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын аймактык бөлүмдөрүнүн биринен кошумча нарк салыгын алууда жасаган мыйзамсыз иши аныкталды. Мунун кесепетинен өлкө казынасы 5 млн 700 миң сом зыянга учураган. Учурда бардык акчалар казынага кайтарылды.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесине (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) ылайык кылмыш иши ачылып, Бишкек шаардык салык кызматынын аймактык башкармалыгынын инспектору, бөлүм башчысы, Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын бөлүм башчысы суракка чакыртылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости