www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламент Солтонбекованын талапкерлигин 25-ноябрда карайт

Жогорку Кеңеш Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызмат ордуна Ализа Солтонбекованын талапкерлигин 25-ноябрдагы жалпы жыйынында талкуулайт. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтына жазылды.

Солтонбекованы бул кызматка премьер-министр сунуштаган. Парламенттин  Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети колдогон.

Жогорку Кеңештин 25-ноябрдагы жыйынында мындан тышкары, өлкөнүн 2020-жылга карата бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда каралат.

Ошондой эле 2021-жылга карата жана 2022-2023-жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндө мыйзам долбоору да биринчи окууга киргизилет.

Күн тартибинде комитеттердин курамдарын бекитүү, курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө да мыйзам долбоору бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости