www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салыктык жана социалдык фонддун төгүмдөрү боюнча карызы бар ишкерлерге жеңилдик берүү мөөнөтүн дагы бир жылга узартуу сунушталды.

Аталган демилге бүгүн Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралды.

Белгилей кетсек, буга чейин пандемияга байланыштуу эгер ишкерлер салыктык жана социалдык фонддун төгүмдөрүнүн негизги суммасын 2021-жылдын 1-июлуна чейин төлөсө туум жана айып пулдан толугу менен бошотуу мыйзамы кабыл алынган. Ал эми декабрга чейин төлөсө 50 пайыздык жеңилдик берилет.

2020-жылдын 1-июлуна чейинки социалдык фондго болгон бардык карызына, ал эми салык боюнча алты жылдык карызына жогорудагыдай жеңилдик берүү каралган.

Экономика жана финансы министринин орун басары Бекболот Алиев пандемия шартынан улам жеңилдик берүү мөөнөтүн дагы бир жылга узартуу сунушталганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости