www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруп жүргөндөрдүн өлүмү 19% жогорулады. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акбай Сарыбаев 7-июлда брифингде билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө оорудан каза болгондордон жүрөк-кан тамыр оорулары биринчи орунда турат. 2019-жылга салыштырмалуу 2020-жылы бул оорудан көз жумгандар 19% көбөйгөн. Жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандар коронавирусту оор өткөрөт.
COVID-19дан баш-аягы 2 063 адам көз жумду. Ушул тапта ооруканаларда 4 253 киши жатат жана 184 бейтаптын абалы оор. Коронавирус аныкталган 12 миңден ашык киши үйүндө дарыланууда.
Булак: NazarNews.kg