www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда коомчулукта камалгандар тууралуу ар кандай пикирлер айтылып жатат. Ооба, коррупцияга аралашкан мыкчыгерди сөзсүз жазалоо керек. Мындай маселеде талаш жок. Бирок, саман-топонго кошулуп кылтакка илинген Осмонбек Артыкбаевдин күнөөсү эле министр болуп иштегенинде болуп калган жокпу деген талылуу суроо жөн жерден берилген жок. Эгерде анын мурдатан бери бизнес аркылуу жыйнаган байлыгы болбогондо ошентип шектенүүгө шарт түзүлмөк. Бирок, ал кырчындай кезинен тартып өз киндигин өзү кесип, каражатты адал жол менен табууга аракет кылганын жамы журт билет да. Капчыгында каражаты бар үчүн аны тизмеге киргизишип, депутат кылышпады беле партиянын лөктөрү. Демек, арам жолго кирип, Осмонбек абийирин айрандай төккөн эмес деп толук түрдө айтууга негиз бар.
Арийне, саясат дегендин уңкул-чуңкуру көп. Анткени менен акыйкат өлкөнүн таза мыйзамы, паракор болбогон соту бар болсо Артыкбаевди камабай актоого далалат жасалышы кажет. Анын күнөөсү болбогонун кылмыш иликтөөсүнө аралашкан күч түзүмүнүн өкүлдөрү деле жашырбай ортого салышканы ырас. Ошондон улам аны жакындан тааныгандар, ошол эле депутаттар, коомчулук калыс чечим чыгарууну үмүт этишүүдө. Башаламандык менен тескери мыйзам токуучулар бул жолу баарын таразага салып, акыйкаттыкты үстүгө чыгаруусу мезгилдин өктөм талабы.
Булак: "Ачык сөз"