www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күтүлбөгөн талапкерлерди байкадык

Килейген чыгармачыл армиясы бар өлкөдөгү биринчи каналдын азгырыгына кимдер гана чалынбайт. Убагында бул жерди былк эттирбей колуна кармаган кыйын жетекчилерди деле унута элекпиз. Айрыкча Карыпбек Аманкуловдун кезинде “кара жашиктин” кудурети калкка билинип турчу. Абдиламит Матисаковдун мезгилинде болсо КТР кайра курууга алынып, кыйла маанилүү иштер бүткөрүлгөн. Көрөрмандын табитине бап келген таңкы “Замана” теле долбоору ошондо түптөлүүп азыркыга чейин жашоосун улап келатат. Айта берсе жакшы иштердин башатын санап бүтүрө албайсың. Антсе да ошондо деле интригалык оюндар үзгүлтүксүз кыймылга келип турганы чын.

Илим Карыпбековдун иш мөөнөтү аягына келген соң уйкусунан чоочуп ойгонгондор арбыды. Ал тургай 22 талапкер документтерин тапшырып, талапкерлик каалоосун айкындады. Алардын кээ биринин документтеринде кемчилиги болгондуктан эртелетип четке сүрүлүп ташталды. Калгандары деле оңойлук менен багынгысы келбегендер. Ошентсе да байкоочу кеңештин мүчөлөрү тарабынан кимиси арбын добуш алса ошол талапкер КТРди ээлеп калат. Антсе да көбүн коомчулук жакындан билбейт экен.

Бирок, кайсыл ефрейтор генерал болгусу келбесин? Кыялдангандар ого эле көп экени ачыкталып калбадыбы? Илим мырза жөргөмүштүн дем алганын байкоого жарап калды десек ким калп демек эле? Анын үстүнө төрт жылда Карыпбеков санаалаштарын тапты, байкоочу кеңештин мүчөлөрүн талдоого, тандоого жетишти. Демек, байгени ушул жигит жулуп кетет деген пикир бекерден талапкерлерди кооптондуруп турбаса керек? Эгерде эле жаңылган болсок анда марага Ибраим Нуракун уулу келип калышы ыктымал. Башкаларында шанс жок.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости