www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иштебей жатат деп сынды катыра уккан өкмөт башчы М. Абылгазиевдин кароолуна бул жолу илинген чиновниктер оңбой калышты деген кептин аныгы бардай сезилет. Министрлердин айрымдарына, кээ бир губернаторлорго, акимдерге, орун басарларга сөгүштү очойтуп берди. Алты райондун акимин биротоло кызматтан алып, дендароо кылууга жетишти. Анткени эч нерсе болбойм деп чогулушка келгендердин айрымдары нес болуп катып калышты. Буга “крышалары” деле көмөк көрсөтө алган жок.
Жаз алдындагы “бороонго” кабылгандар үйлөрүнө баштагыдай атырылбай шалпайган бойдон кайтышты. Көңүл айткандар деле анчалык калың болбоду. Себеби, күлүк күнүндө, тулпар тушунда сыяктуу кызматтан кеткендерди мурдагыдай бапестебей калышат эмеспи. Колуңда тизгин турганда баары жагымпоздонуп овичти басым менен айтып, кошоматтанганын билебиз да? Айтор, алты акимдин ишпалдасы чыкты. Ошолордун ордуна конуп калсам деп чуркагандар жок эмес, бар. Жакшы ортомчуну табууга, бюджетинде акчасы жок болсо да аты бар эмеспи деген кыял менен жүргөн эрендер акимдикти мээлеп жаткан кези.
Жаңы бийликтин шыпыргысы мурдагы эле калыбында болбосун эми чындап көрөбүз. Эгерде эски дартка чалдыкпайбыз дешсе акимдин абройун көтөрүүгө, ишке жөндөмдүүсүн тандоого, элди ойлоого аракет кылышса керек деп турабыз. Улам эле кетмендин сабына чекесин томуйта берүүдөн оолак болууга мезгил бышып жетилди. Кадрды алгач райондун деңгээлинде жакшылап чечүү маселеси алдыда турат. Буга алты райондун акимин шайлоо сонун себепкер болуп бермекчи. Кана реалдуу кадрларды алып келип, элдин тескери көз карашын оңдоого умтулгулачы, өлкө жетекчилери!
Буак: "Ачык сөз"