www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 19- 20- февраль күндөрү  Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Динамо” спорттук бирикмесинде кызматтык милдетин аткарып жатып баатырларча курман болгон кызматкерлердин жана 23-февраль-Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата ИИМдин кызматкерлеринин арасында күжүрмөн самбо боюнча турнир жыйынтыкталды.

Спорттук иш-чаранын жабылыш аземине Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Курсан Асанов, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин Төрагасы Султан Жоошбаев, ИИМдин Генералдар  клубунун Төрагасы Садырбек Дубанаев, ИИМдин “Шумкар” АБПнын командири Аскат Султаналиев жана атайын бөлүмдүн командирлери менен кызматкерлери катышышты.

Бул иш-чаранын жабылышында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору К.Асанов, спорттук иш-чаранын баардык катышуучуларын ИИМдин жетекчилигинин атынан куттуктап төмөнкүлөрдү баса белгилеп өттү. “Урматтуу кесиптештер, чын жүрөктөн жеңүүчүлөрдүү куттуктаймын! Кыргыз милициясынын тутумунда атайын багыттагы отряддын ээлеген орду өзгөчө мааниге ээ экендиги жалпыга маалым. Анткени бул отрядда кызмат өтөө ары оопкерчиликтүү, ары сыймыктуу болуп, анда чыныгы эр жүрөк атуулдар гана кызмат өтөй алат десем жаңылышпайм. Кандай гана кырдаалдар, коркунучтуу жагдайлар болбосун, атайын багыттагы кызматкерлер баардыгына шайма-шай даяр болуп, дайыма өз милдеттерин аткарып келет. Бул багыттын кызматкерлери үчүн спорт өтө ишенимдүү, эң жакын жардамчысы.

 Учурдан пайдаланып атайын операция отрядынын командирине милициянын капитаны Ботбаев Аскар Мейманбековичге ыраазычылык айта кетем. Ал 36 жашта, сегиз балалуу, улуусу 14 жашта, кичүүсү 8 ай гана толду. Мен ага келечекте ийгиликтерди каалап, анын үй-бүүлөсүнө батир берүү боюнча өтүнүч киргизип, министрибиз К.Джунушалиев бул сунушумду колдойт деп ойлойм. Мен ички иштер органдарынын кызматкерлерине ден-соолук, ийгилик жана бакыт каалайм!”-  деп билдирди министрдин орун басары К. Асанов.

ИИОнун атайын бөлүмдөрүнүн 97 спортчусунан турган 13 команда катышып, жеңгендерге Кыргыз Республикасынын ИИМнин орун басары милициянын генерал-майору Асанов Курсан Сатарович, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, ИИМдин Генералдар клубунун төрагасы Садырбек Дубанаев, ИИМдин “Шумкар” АБПнын командири Аскат Султаналиевдер сыйлыктарды тапшырышты.
Биринчилигинин жыйынтыгы боюнча:

62 килограмм салмакка чейин;
3 орун – Болбаев Жолдошбек (БА)
3 орун – Расул уулу Абдыганы (Жалал-Абад ОИИБ)
2 орун – Курманбек уулу Женишбек (Бишкек ШИИББ)
1 орун  – Токтобаев Ильгиз (Ысык-Көл ОИИБ)

68  килограмм салмакка чейин;
3 орун – Салахидин уулу Саламат (БА)
3 орун – Шакир уулу Айбек (БА)
2 орун – Тезекбаев Расулбек (Ош ОИИБ)
1 орун – Казыбеков Майрамбек (ИИМ АБП)

74 килограмм салмакка чейин;
3 орун – Мурзабаев Эмильбек (Жалал-Абад ОИИБ)
3 орун – Адылбеков Асылбек (Жала-Абад ОИИБ)
2 орун – Заиров Асылбек  (БА)
1 орун – Бонсоев Субанбек (БА)

82 килограмм салмакка чейин;
3 орун – Жолчуев Эсеналы (Бишкек ШИИББ)
3 орун – Конбаев Аскар  (Нарын ОИИБ)
2 орун – Нураков Мирлан (Талас ОИИБ)
1 орун – Идирисов Бектур (Жалал-Абад ОИИБ)

90 килограмм  салмакка  чейин;
3 орун – Ботбаев Айдар (Талас ОИИБ)
3 орун – Деркенбаев Бакыт (Ысык-Көл ОИИБ)
2 орун – Туйчиев Азиреткул (Чүй ОИИБ)
1 орун – Бекбердиев Нурусбек (Жалал-Абад ОИИБ)

100  килограмм салмакка чейин;
3 орун – Суйналиев Жыргылбек (БА)
3 орун – Албарсов Тилек (Талас ОИИБ)
2 орун – Тайлаков Аманбай (Жала-Абад ОИИБ)
1 орун – Жээналиев Нурсултан (Бишкек ШИИББ)

100 килограмм салмактан жогору:
3 орун – Акунов Жыргалбек  (Ош ШИИБ)
3 орун – Набиев Уланбек (Баткен ОИИБ)
2 орун – Жанаралиев Жээналы (БА)
1 орун – Саеткулов Алишербек (БА)

Жалпы эсептеги жеңүүчүлѳр:

3 орун –Бишкек ШИИББдин атайын операция отряды,  кубок, үчүнчү даражадагы  грамота  жана 8000 сом акчалай сыйлык  менен.

2 орун –Жалал-Абад облустук ИИБнын Атайын Багыттагы полкуна кубок, экинчи даражадагы  грамота  жана 10.000 сом акчалай сыйлык менен.

1 орун– ИИМдин “Шумкар” Атайын Багыттагы полкунун  атайын операция отрядына  кубок,  биринчи даражадагы грамота жана 15.000 сом акчалай сыйлык менен.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин атынан жана “Шумкар” АБПнын жетекчилиги тарабынан спортчулар баалуу белектер менен сыйланышты;

-милициянын капитаны  А.М. Ботбаев,  Талас ОИИБдин атайын операция отрядынын командирине;

-милициянын ага лейтенанты У. Набиев, Баткен ОИИБдин атайын операция отрядынын ага ыйгарым укукту өкүлүнө;

-милициянын  капитаны Н. Муканбеталиев, Нарын ОИИБдин атайын операция отрядынын командирине;

-милициянын сержанты Догдурбек уулу И., Чүй ОИИББдин атайын операция отрядынын кенже  ыйгарым укукту өкүлүнө;

-милициянын сержанты Тажидин уулу М., Жалал-Абадской ОИИБдин атайын операция отрядынын милиционерине;

-милициянын сержанты А. Качкынбаев, Ош ОИИБдин атайын операция отрядынын кенже ыйгарым укукту өкүлүнө;

-милициянын ага лейтенанты  Р. Тезекбаев,  Ош ОИИБдин атайын операция отрядынын ыйгарым укукту өкүлүнө;

-милициянын старшинасы А. Жээналиев, Бишкек ШИИББдин ОИИБдин атайын операция отрядынын кенже ыйгарым укукту өкүлүнө;

-милициянын сержанты Ы. Заиров,  Борбордук Аппараттын атайын операция отрядынын кенже ыйгарым укукту өкүлүнө;

-милициянын сержанты  М.  Казыбеков, ИИМдин “Шумкар” АБПнын милиционерине;

-милициянын кенже лейтенанты У. Калдарбеков, ИИМдин “Шумкар” АБПнын атайын операция отрядынын ыкчам нөөмөтчүсүнө:

ИИМдин Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости