www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санкт-Петербургда Кыргызстандын жаранын өлтүрүүгө шектелген эркек менен аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Россиянын ММКлары милициянын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

26-октябрга караган түнү жергиликтүү тургундар Новочеркасский проспектисинде жайгашкан ресторандын унаа токтоочу жайында бир жаранды жыгач таяк менен сабап жаткан адамды көрүшкөн. Андан кийин кол салган адам такси компаниясынын логотиби түшүрүлгөн унаанын рулуна отуруп, айдап кетет. Анын жанында бир аял бар болгону да белгилүү болгон.

Окуянын күбөлөрү милицияга кабарлап, Укук коргоо органдары шектүү катары 31 жаштагы эркек киши жана 35 жаштагы аялды кармады.

Унааны тинтүү убагында багажнигинен сабалган адамдын сөөгү табылган. Анын айдоочулук күбөлүгү 35 жаштагы кыргыз жаранынын атына жазылган. Маркум таксист болуп иштеген. 

Азыркы учурда тергөө уланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости