www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылы 1-сентябрга карата Өзбекстандын ар бир аймагында бери дегенде бирден мамлекеттик эмес жогорку окуу жайы ачылат. Бул тууралуу өлкөнүн жогорку жана атайын кесиптик билим берүү министринин орун басары Узокбой Бегимкулов билдирди.

Расмий билдирүүдө жалпысынан канча жеке университет ачылары так айтылган эмес.

Эгер Ташкентте, Каракалпакстан республикасында жана 12 облуста бирден окуу жай ачылса, бир жыл ичинде 14 жеке университет пайда болот.

Өзбекстанда жеке жогорку окуу жайларды ачуу жөнүндө биринчи жолу эки жыл мурун айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости