www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

31-октябрда биздин өлкөбүз алтынчы ирет Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилейт. Бул иш-чара Германиянын эл аралык кызматташтык боюнча Шпаркасс фонду, КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, коммерциялык банктар жана Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги менен биргеликте уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Дүйнөлүк каражат топтоо күнү Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзү боюнча белгиленип келет.

Бул иш-чаранын максаты – балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу.

Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнүн негизги милдети – калкты  каражат топтоого үйрөтүү, анткени каражат топтоо адамдардын өздөрүнүн келечегин пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет: алсак, балдарга билим берүү, турак жай, автоунаа сатып алуу, саякатка чыгуу жана башка көптөгөн турмуштук жагдайларга  шарт түзөт.

Жыл сайын Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн өткөрүү балдар менен жаштар арасында жылдан жылга кеңири белгилүү болуп, аны өткөрүү чөйрөсү да кеңейүүдө.

Ушул жылы Дүйнөлүк каражат топтоо күнү «Кыялдар канат байлаганда» – «Когда мечты становятся возможностями» деген ураанга ээ болгон, мындай ураан иш-чаранын маңызын так чагылдырып, бүгүнкү күндө Кыргызстандын калкынын каражат топтоо боюнча туруктуу ыкмасы катары – банктык аманаттар экендигин тастыктоодо.

Алсак, 2017 жана 2018-жылдардын сентябрь айына карата банк секторунун депозит базасы тиешелүүлүгү боюнча 118, 2 млрд сомду жана 127,5 млрд сомду түзсө, 2020-жылдын август айына ал 165 млрд сомго жеткен. Бул көрсөткүчтөр калктын банктарга көбүрөөк ишене баштаганын, адамдар өз каражаттарын банкта депозит катары сактоо жакшы экендигин түшүнө башташканынан кабар берет.

Депозиттик базанын өсүшү биринчи кезекте банк тутумунун туруктуулугуна, ошондой эле депозиттердин бир катар артыкчылыктарына байланыштуу.

Бардык социалдык нормаларды эске алуу менен, 2020-жылы Бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнү онлайн режиминде өткөрүлөт.

Улуттук банктын, коммерциялык банктардын жана башка каржы институттарынын өкүлдөрү социалдык тармактар ​​аркылуу калкка жыйым топтоонун маанилүүлүгү жөнүндө айтып беришет, аларды бош жаткан каражаттарды сактоонун жана көбөйтүүнүн ар кандай жолдору менен тааныштырышат.

Пландаштырылган иш-чаралардын толук тизмеси Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана финансылык сабаттуулук боюнча www.finsabat.kg сайтында жайгаштырылат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости