www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Азимбек Бекназаров президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевди Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Төмөндө куттуктоо сөзү өзгөртүүсүз берилди.

"Урматтуу президент, Эгемен Кыргызстандын эң улуу майрамы - Кыргызстандын көз карандысыздык күнүн мурда болбогондой калың элдин катышуусунда, жаны бийлик ордосун ачуу менен коштогонуңуз, өзүнчө тарыхый күн болду. 

Турдахун Усубалиевич Ала-Тоо аянтындагы Ак-үйдү курганы үчүн, Апсамат Масалиевич 11-12-кичимикрорайондорду курганы үчүн ар дайым элдин эсинде, оозунда жүрөт. Сиздин бир жагы аруу ак тилек кылып, экинчиден ак ниет менен ырымдап, жаңы Көзкарандысыз Кыргызстандын элге кызмат кылган жаны элдик бийлигинин ордосу болсун деп салдырган - бийлик ордосу менен сөзсүз сиз да тарыхта каласыз. Сиз демилгелеп салдырган жаңы бийлик ордобуз, жаныланган туубуз, Эгемендиктин ээси болгон Кыргызстандын элине түбөлүк кызмат кылсын. Сиз баштаган “Асман шаары” жана башка курулуштар да буюрса аягына чыгат. Элиниз ишенип турат. Тарыхый улуу инсандар гана тарыхый улуу курулуштарды, улуу бурулуштарды жасашат. Сиздин жасап жаткан тарыхый иштериңиз уланып, ийгиликтүү аягына чыга беришин чын жүрөктөн каалайм! 

Урматтуу Камчыбек үкөм! Көз карандысыздык күнү президентибиздин колунан алган генерал-полковник наамың кут болсун. Эки жыл мурда “Кыргыз эл баатыры” болгонунда, “улуттар аралык жаңжалдар боюнча баатырлык берилбейт” деп эл аралык тажрыйбаны айтканымды, айрымдар бурмалап, мүмкүн атайылап чагымчылдык кылып, экөөбүздү бири-бирибизге душман кылды эле. Мүмкүн быйыл дагы ошондойлор, башка обон менен чыгышы мүмкүн. Себеби кыргыздын башкы душманы кыргыз, анан көрө албастык эмеспи. Ким кандай ойлосо, ошондой ойлосун, бирок ачык айтып коеюн: Эгемендик доордо сенин наамдан жогорку - Армиянын генералы деген наамды - бир гана Кыргызстандын мурдагы коргоо министри Топоев, сеники менен барабар наам, чиндерди: Улуттук гвардиянын башчысы Чотбаев, Башкы бажычы - Курманалиев, Башкы прокурор Шаршеналиевдер гана Акаевдин доорунда алышкан. Башка эч кимде жок. Менин жеке пикиримде, ошолордун ичинен эң татыктуусу - өзүңсүң! 

2020 - жылдын октябрь айынан бери жасап, аткарып жаткан иштериң, айрымдар жазып жаткандай: «мурда эч качан болбогон» дегендей болбосо да, ат көтөргүс! Президентибиздин командасында мамлекет, эл деп жан үрөп иштеп жаткандардын башында жүрөсүң. Кээде мамлекеттик бийликте сенден башка иш жасап жаткан эч ким жоктой сезилет. Сенин ээлеген кызмат ордуңдун өтө жоопкерчиликтүү, чуулгандуу экенин мен абдан жакшы түшүнөм. Себеби мен дагы кыска мөөнөт болсо да сеникиндей эле кызматта иштегем. Айрым биз баштап бүтүрө албаган иштерди улантып, мага окшоп көптөгөн душман күтүп жатканынды да сезип турам. Президентибиз колдобосо, эбак меникиндей тагдырга да кабылышың мүмкүн эле. Алган наамын менен кечээ контораңда болгонумдан пайдаланып, өзүңө кирип бетме- бет туруп, ак дилимден куттуктайын деп кызматкерлериңен сурандым. Бирок алар кызмат этикасын сактап, киргизген жок. Ошондуктан өзүмдүн соцбаракчам аркылуу куттуктагандан башка жолум жок болду үкөм. Менде «белая зависть»! 

Алган наамын чек болбосун. Ден- соолугуң чың болсун!

Президентибиз менен достугуңар бузулбай, көз карандысыз Кыргызстаныбыздын улуттук эгемен саясатын жалпы элибиздин кызыкчылыгында аркалай беришиңерди каалаймын!

Урматым менен, 

Азимбек Кыргыз", - деп айтылат куттуктоодо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости