www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте өз жанын кыйган 21 жаштагы жигитти өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирген деп шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, 30-августта «102» кызматына «Панфилов көчөсү №1А» дарегиндеги жатакананын жуунуучу бөлмөсүндө 21 жаштагы А.К. аттуу жаран асынган абалда табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине милиция кызматкерлери барган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Бул ишке шектүү катары 25 жаштагы М.А. жана 28 жаштагы Б.Э. аттуу жарандар кармалган. Соттун чечими менен алар №1 тергөө абагына камакка алынган.

Последние новости