www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адыл Акжол уулуна карата дагы бир кылмыш иши козголду

Ош облустук ички иштер башкармалыгында УТРКнын мурдагы жетекчисинин орун басары Адыл Акжол уулуна карата дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 22-июль күнү УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгына Ысык-Көл облусунун 1973-жылы туулган тургуну К.Э. кайрылган. Арыздануучунун айтымында, 8-июлда блогер Адыл Акжол уулу YouTube баракчасына жарыялаган видеосун өчүрүп салганы үчүн андан акча талап кылган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө чогултулган материалдарга тийиштүү экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин “Опузалап талап кылуу” негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.

Эске сала кетсек, Акжол уулу 5-августта дагы бир кылмыш ишинин алкагында кармалган. Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка чакыруу, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакыруу” беренеси боюнча айыпталууда. Айыпталуучуга карата тергөөнүн жүрүшүндө 4-октябрга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Последние новости